Публикациялар

1-марттан биллингтин жана тарификациянын жаңы системасы киргизилет

pic

Кардарлардан түшкөн көпчүлүк сунуштар жана каалоолорду эске алып, 2015-жылдын 1-мартынан «Dos Tek Group» компаниясы Интернет аркылуу Отчеттуулук Системасында (СОчИде) биллингтин жаңы моделин (тарифтерди түзүү жана каражаттарды алуу модели) киргизүүдө.

«Dos Tek Group» компаниясы кардарларына маалымдайт: «Dos Tek Group» компаниясынын дарегине МСК (Мамлекеттик салык кызматы) тарабынан (05.02.2015-ж. № 06-1/1147) тарифтерди түзүүдө пакеттик ыкманы колдонууну токтотуу жана компаниянын кызматтарынын баасын төмөндөтүүнүн зарылдыгы тууралуу кат келген. Аталган каттын көчүрмөсүн жана биздин МСКна жөнөткөн жообубуз менен кийинки шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот.

Бир биллинг системасында кызматтарды тарификациялоонун эки түрдүү ыкмасын (1. Пакеттик-абоненттик ыкма, 2. Документтик тарификация ыкмасы) колдонуу  мүмкүнчүлүгүн жоктугун эске алып, «Dos Tek Group» компаниясынын жетекчилиги, тарифтерди түзүү жана каражаттарды Абонент тарабынан тапшырылган отчет үчүн алуу моделине өтүү чечимине келди. Бардык Абоненттерден бул чечимге түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз.

Тарифтерди түзүүнүн жаңы эрежелерине ылайыктуу:

  1. Кардарлар тапшыруучу отчетторунун тизмесин өз алдынча, өз жоопкерчилиги менен, тандашат;
  2. Кардарларга ыңгайлаштыруу максатында, «Dos Tek Group» “Отчеттордун тизмесин тандоо” мүмкүнчүлүгүн өзгөртүүсүз калтырууда, анткени сунушталган тизме менен таанышууга жардам берет, бирок сунушталган отчетторду тандоодо кардар өз алдынча чечимге келиши керек;
  3. Отчет тапшыруу үчүн абоненттик төлөм жоюулат;
  4. Отчет тапшыруу үчүн төлөм, тарифке ылайыктуу, система отчетту жөнөтүүгө кабыл алгандан кийин гана алынат;
  5. Тактоочу, кошумча, ликвидациялык отчетттордун төлөмү, тарифке ылайыктуу, өзүнчө, отчетту тапшыруу фактысынан кийин алынат;
  6. Көп отчет тапшыруучу кардарлар үчүн жеңилдетүүлөр каралган. Жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн finance@dostek.kg дарегине кат жөнөтүү зарыл;
  7. Филиалдар жана өзүнчө бөлүмдөр үчүн баа боюнча ылайыкташтырылган жеңилдетүүлөр каралат. Эгер Сиздин компанияңыздын СОчИ аркылуу отчет тапшырган филиалдары, өзүнчө бөлүмдөрү же өкүлчүлүктөрү болсо, чыгымдарды азайтуунун кошумча мүмкүнчүлүктөрүн билүү үчүн finance@dostek.kg дареги аркылуу биз менен байланышыңыздар;
  8. 2015-жылдын 28-февралына чейин бир жылдык төлөм жүргүзүп койгон кардарлар үчүн билингтин жаңы системасына өтүүнүн, жеңилдетүүлөрдү сактоо мүмкүнчүлүгүн берген, жеке планы түзүлгөн. Бул мүмкүнчүлүктү колдонуу үчүн finance@dostek.kg дарегине кайрылыңыздар;
  9. 2015-жылдын 1-мартынан жылдык төлөмгө болгон жеңилдетүүлөр жоюулат;
  10. Пакеттик тариф ыкмасында бир отчеттун баасы экинчисинин эсебинен төмөндөтүлчү, бирок документтик биллинг системасына өтүүнүн зарылдыгынан төмөнкү отчеттук формалардын баасы жогорулайт:
    1. СФ-1 формасы: 69 сомдон 78 сомго;
    2. STI-055 формасы: 22 сомдон 45 сомго;
    3. STI-075 формасы: 26,5 сомдон 49,5 сомго;
    4. STI-080 формасы: 26,5 сомдон 49,5 сомго;
    5. STI-091 формасы: 27 сомдон 42,5 сомго;
    6. STI-105 формасы: 26,5 сомдон 49,5 сомго;
    7. STI-107 формасы: 27 сомдон 50 сомго.
  11. Андан тышкары, кээ бир отчеттук формалардын баасы төмөндөйт:
    1. STI-101 формасы: 356 сомдон 298 сомго;
    2. STI-102 формасы: 464 сомдон 375 сомго;
    3. STI-100 формасы: 146 сомдон 95 сомго.

«Dos Tek Group» компаниясы өзүнүн бардык Кардарларынын иштерине ийгилик каалап, кызматташтыктын улануусуна үмүт кылат.

19.02.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
29.04.2024
Май айынын башында кеңселердин иштөө тартиби

“ДОС ТЭК ГРУПП” компаниясы май айынын башында кеңселеринин иштөө тартиби жөнүндө маалымдайт. Майдын 1нен 5не чейин (шаршемби-жекшемби) – май майрамдарына байланыштуу дем алыш күндөр. Майдын 6нан 8не чейин (дүйшөмбү-шаршемби) &ndas...

18.03.2024
Үстүбүздөгү аптада компаниянын кеңселеринин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...

07.03.2024
Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...

05.03.2024
7-март - кыска иш күнү саат 17.00гө чейин

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) –  Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...