Публикациялар

СОчИ системасына кирүүдө экрандык клавиатура пайда болот

pic

«Dos Tek Group» компаниясы СОчИ системасынын бардык колдонуучуларына, 2015-жылдын 19 -майынан баштап системага кирүүдө пин-коддорду терүунү экрандык клавиатуранын (ЭК) жардамы менен жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болооорун маалымдайт.

Бул опция СОчИ системасынын колдонуучуларынын персоналдык маалыматын сактоо жана пин-коддордун коопсуз киргизилүүсү үчүн атайын иштеплип чыккан, б.а. ЭКны колдонууда:

- пин-код ЭКга компьютердеги багытточтун (курсор мыши) жардамы менен терилгендиктен, аны шпион-программалары эсептеп чыгара алышпайт;

- белги басылгандан кийин ЭК аларды аралаштырат (эгер ЭКда бул опцияны иштетилген болсо), андыктан багытточтун көрсөтмөлөрүн окуп, пин-кодду эсептеп чыгуу мүмкүн эмес;

- пин-коддун киргизилүүсүн байкап турган бөтөн адам тарабынан белгилерди жаттап калуу процесси кыйындайт.

Аны менен бирге, буга чейин колдонуп жүргөн кадимки клавиатуранын жардамы менен белгилерди терүу ыкмасы сакталат. Ар бир колдонуучу пин-кодун сунушталган ыкмалардын бири менен киргизсе болот.

СОчИ системасына кирүүдө көңүл коюп, пин-коддорду коопсуз сактоо эрежелерин колдонууңуздарды суранабыз.

07.05.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
13.02.2026
Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөрдү

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөргөндүгүн  маалымдайт. Жаңы даректер: Манас ш. Пушкин көч. 38 ("МирФарм" дарыканасынын жанында). +996 (557) 960 360, +996 (777) 960 ...

26.12.2025
Жакынкы апталарда кеңселердин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталардагы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 2025-жылдын акыркы иш күнү – 30-декабрь. Ал эми жаңы 2026-жылы компания өз ишмердүүлүгүн 12-январдан баштайт. Баарыңыздарга жакшы эс алуу ...

30.06.2025
Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылды

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...

02.06.2025
6-июнь - Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...