Үстүбүздөгү жылдын апрелинде «Dos Tek Group» компаниясынын электрондук документ алмашуу чөйрөсүндө иштеп, биздин урматтуу кардарларыбыз - Сиздер менен кызматташа баштаганына 5 жыл толду. Беш жыл бою Сиздер биз менен болдуңуздар. Бизди колдоп, бизге ишеничиңиздерди тартууладыңыздар. Бизге жаңы чечимдерди сунуштап, сындап да жүрдүңүздөр. Булардын баары биздин демибизге дем кошуп, алдыга жаңы талаптарды коюп, жаңы бийиктиктерге умтулууга жардам берди.
Аны менен бирге, апрель айы өлкөбүздүн Бажы Биримдигине кирүү алдындагы мезгили, анткени май айынан КНС (НДС), акциз салыгы жана башка бир топ отчеттук формалар ЭСККну (Электрондук-санатиптик кол коюу) колдонуу менен электрондук гана түрдө кабыл алына баштайт.
Өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү жана компаниянын 5 жылдык юбилейин эске алып, «Dos Tek Group» Администрациясы тарабынан 2015-жылдын апрелинин 1нен 30на чейин АКЫСЫЗ ЭСКК алуу боюнча ЮБИЛЕЙЛИК АКЦИЯ өткөрүу чечими кабыл алынган. Акция боюнча акысыз ЭСККну алуу мүмкүнчүлүгунө компаниянын кардарлары гана эмес, кардар боло элек компаниялар да ээ боло алат. Бул демилге биринчи ирэт КНС (НДС) төлөөчү компанияларга пайдалуу болот деп ишенебиз. Бул категориядагы кардарлардын ыңгайы үчүн КНС (НДС) боюнча отчеттук формалардын кээ бирлеринин баасы 2 эсе төмөндөтүлүүдө.
Быйылкы жылдын апрелинде гана АКЫСЫЗ ЭСКК АЛЫП бир жыл бою колдонуңуз!
ЮБИЛЕЙЛИК АКЦИЯ боюнча ар бир юридикалык жак жана жеке ишкер керектүү өлчөмдөгү акысыз ЭСККларды ала алат:
Бул үчүн компаниянын кеңсесине керектүү документтерди жана СОчИ (Интернет аркылуу отчет берүү системасы) системасына кошулуучу буйрутмасын толтуруп алып келүү зарыл. Документтердин тизмесине жана буйрутмага шилтемелер.
ЭСККну булутта сактоо кызматынын жана «RuToken ЭЦП» корголгон эс тутумунун баалары өзгөрүүсүз калды.
Акция 2015-жылдын апрелинин 1нен 30на чейин өткөрүлөт.
Сурап-билүүчү телефондору: 0312 960 888, 664 330.
10.04.2015 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...