Публикациялар

Чакан ишканалар үчүн атайын сунуш

pic

«Dos Tek Group» компаниясы чакан ишканалар жана жарандык сектордун уюмдары үчүн атайын акциянын башталышы жөнүндө маалымдайт

Акциянын алкагында, жөнөтүүчү отчеттуулугу аз жана кеңири талап кылынган отчетторду (STI-075, STI-080, статистикалык 1-Т формасы жана Соцфонддун 1-формасы) тапшырган компаниянын кардарлары 2015-жылдын мартынын 16нан 31не чейин өзүнүн балансын 2 500 сомго толуктаса, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин ар бир баштапкы отчетко – 30% жеңилдик, ал эми ар бир тактоочу отчетко – 70% жеңилдик алат (жеңилдиктер аталган отчетторго гана тиешелүү).

2015-жылдын мартынын 16нан 31не чейин каттодон өтүп, өзүнүн балансын 1 500 сомго толуктаган  «Dos Tek Group» компаниясынын жаңы кардарларына, аталган жеңилдиктер автоматтык түрдө ыйгарылат.

Көңүл буруңуздар! Балансты толуктагандан кийин finance@dostek.kg дарегине "Акция для малого бизнеса" деген темада кат жөнөтүүңүздөр зарыл. Акция кат жөнөтүлгөн күндүн кийинки күнү иштеп баштайт. 

Акциянын иштөө мөөнөтү: 2015-жылдын мартынын 16нан 31не чейин (кошумча).

Урматтоо менен,

«Dos Tek Group» Администрациясы.

13.03.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...