Публикациялар

«Мамлекеттик органда кардарлардын кызыкчылыгын жактоо» кызматы

pic

2015-жылдын 1-мартынан «Dos Tek Group» компаниясынын кардарлары үчүн жаңы айкын оферта Келишими күчүнө кирет.

«Dos Tek Group» компаниясы мамлекеттик орган тарабынан отчет каралышына эмес, отчетту мамлекеттик органга жеткирүүгө жоопкерчиликтүү байланыш Оператору болуп эсептелет. Андыктан, жаңыланган оферта Келишими боюнча, 2015-жылдын 1-мартынан «Dos Tek Group» компаниясы төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү эмес:

  • Абонент тарабынан толтурулган отчеттордун сапатына: кетирилген каталар, мөөнөтүнөн кеч толтурулган же дарегин туура эмес жазгандыгына;
  • Мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан каралбаган же мөөнөтүнөн кеч каралган отчеттор үчүн салынган штрафтар, кошумча төлөмдөр жана башка Кардардын тике же кыйыр чыгымдарына;
  • Абоненттин ЭСККсу (Электрондук санариптик кол коюусу) туура эмес колдонуусунан (Жетекчинин ЭСККсу Бухгалтер же салык өкүлү тарабынан колдонуусу) келип чыккан мамлекеттик орган менен талаш-тартыштарына, ж.б.

2015-жылдын 1-мартынан «Dos Tek Group» компаниясынын күнөөсүсүз Кардар менен мамлекеттик органдын ортосундагы талаш-тартыштардын туулушуна, биздин компания тарабынан эч кандай иш аракеттер көрүлбөйт.

Мындай талаш-тартыштарды териштирүү жана мамлекеттик органдарда Кардардын кызыкчылыгын жактоо үчүн, «Dos Tek Group» компаниясы менен Кардардын ортосунда өзүнчө өкүлдүк келишими түзүлүшү зарыл. Бул кызматты колдонуунун тартиби, баасы жана көлөмү ар бир жагдайда өзүнчө, талаш-тартыштын түрүнө жана татаалдыгына карата макулдашылат.

20.02.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...