Публикациялар

«Dos Tek Group» компаниясынын кардарлык комитетин түзүү

pic

«Dos Tek Group» компаниясы Кардарлык Консультациялык Комитетин (Консультативдик Комитет) түзүү жөнүндө расмий түрдө маалымдайт.

Консультативдик комитет Кардарлар менен «Dos Tek Group» компаниясынын ортосунда эффективдүү иштешүүнү камсыздоо жана Кардарлар тарабынан компаниянын продуктыларынын сапаты тууралуу жиберилген сурактарды эске алуу үчүн түзүлүүдө.

Консультативдик комитеттин негизги максаты - «Dos Tek Group» компаниясынын кардарларынан продуктылар жана кызматтар, тарифтик саясат жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты боюнча биргелешкен пикир чогултуу.

«Dos Tek Group» компаниясынын ар бир кардары Консультативдик комитеттин мүчөсү боло алат, ал эми кардар юридикалык жак болсо – анын ыйгарымдуу өкүлү мүчө болууга мүмкүнчүлүгү бар.

Консультативдик комитеттин мүчөлөрүнө акы төлөнбөйт, алардын ишмердүүлүгү толугу менен коомдук баштапкы негизде жүргүзүлөт.

«Dos Tek Group» тарабынан Консультативдик комитеттин мүчөлөрүнө компаниянын продуктылары жана кызматтарынын сапатынын жакшыртуусуна олуттуу салым кошуусу үчүн материалдык ыраазычылык төлөнүшү мүмкүн.

Консультативдик комитет ишмердүүлүгүн оозеки, жазуу түрүндө жана телефондук байланыш менен сурамжылоо өткөрүү аркылуу жүргүзөт.

Андан тышкары, Консультативдик комитеттин мүчөлөрү өздөрүнүн сунуштарын Комитеттин Жооптуу катчысына otk@dostek.kg электрондук дарегине жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Комитеттин Жооптуу катчысы катары компаниянын кызматкери дайындалат.

Консультативдик комитеттин мүчөсу «Dos Tek Group» компаниясынын продуктылары жана кызматтарын колдонууну токтоткон мезгилден тартып, Комитеттеги мүчөлүктөн да бошотулат.

«Dos Tek Group» компаниясынын ар бир кардары, кызматы, жашы, жынысы жана улутуна карабай, Консультативдик комитеттин мүчөсу боло алат. Консультативдик комитеттин мүчөсу болуу үчүн, 2015-жылдын 28-февралына чейин hr@dostek.kg электрондук дарегине “Заявка в КК” деген белги менен кат жөнөтүү зарыл. Катта төмөнкү маалыматты көрсөтүү керек:

  • Аты-жөнү;
  • Иштеген жери жана кызматы;
  • «Dos Tek Group» компаниясында тейленген компания же компанияларыңыздын ИНН белгилери;
  • Байланышуу маалыматы.
19.02.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...