«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат:
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык отчетторун өз убагында тапшырбаган салык төлөөчүлөргө салык санкциясы салынат.
Жогоруда аталган берене боюнча, Кодексте каралган отчетторду белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн салык төлөөчүгө төмөнкүдөй өлчөмдө салык санкциясы колдонулат:
1) жеке жактар үчүн 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
2) жеке ишкерлер үчүн 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
3) уюмдар үчүн 70 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
Ошондой эле, КР Салык Кодексинин 103-беренесинин 1-пунктуна ылайык, «Салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу датасы деп салык кызматынын органы тарабынан отчеттуулукту кабыл алган дата же маалымат тутуму электрондук документти кабыл алгандыгы жөнүндө билдирген дата эсептелет».
КР ФМ караштуу МСКнын маалымат тутуму тарабынан тапшырылган отчетко «КАБЫЛ АЛЫНДЫ» статусу ыйгарылгандан кийин милдеттенме мөөнөтүндө аткарылды деп эсептелет.
Ошол эле учурда, өз убагында тапшырылган отчетто каталар болсо, МСКнын маалымат тутуму тарабынан четке кагылышы мүмкүн жана каталарды оңдоп, кайра тапшырууга кошумча убакыт талап кылынаарын эске алууну суранабыз.
Салык санкциясына кабылып калбоо үчүн, Мамлекеттик салык кызматы отчет тапшырууну акыркы күндөргө калтырбастан, эртерээк аракет жасоону сунуштайт.
28.05.2025 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...