Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөөчүсү катары катталган жеке жана юридикалык жактарга КР Социалдык фондунун автоматташтырылган системасында түзүлүүчү Соцфонддун каттоо номери ыйгарылат.
Каттоо номери 12 сандан туруп, анын биринчи үч саны Социалдык фонд районунун кодуна туура келет.
Мисалы, уюмдун каттоо номери «104000208972» болгон учурда, номердин «104» биринчи үч саны Октябрь районунун коду. Демек, бул уюм, филиал же уюмдун бөлүмү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөөчүсү катары Социалдык фонддун Октябрь району боюнча башкармалыгында катталган.
Мамлекеттик салык кызматынын системасында же электрондук отчеттуулук системаларынын операторлору аркылуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу отчетун тапшырууда, төлөөчү катталган райондун коду боюнча орточо айлык акынын (СМЗ) көлөму автоматтык түрдө ошол районго/шаарга тиешелүү өлчөмдө эсептелет.
Салык кызматы менен Соцфонд райондорунун коддору
14.10.2021 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...