«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгектик мамилелер боюнча отчетунун формасы (FORM STI-161) СОчИ системасында тапшырууга жеткиликтүү болгонун кабарлайт.
Бириктирилген форма отчеттуулуктун 5 түрүн алмаштырат, анын ичинде:
1) Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчет (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкаркы) (FORM STI-134);
2) Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалымат (FORM STI-017);
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалымат (FORM STI-058);
4) Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсеп ведомосту;
5) Эмгек боюнча отчет (Форма № 1-Т).
Ошентип салык төлөөчү (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкары) тарабынан салык органдарына жана Улуттук статитстика комитетине берилүүчү отчеттуулуктун беш түрдүн ордуна бир мамлекеттик органга – салыктык же эсептик каттоосу боюнча салык кызматына бир отчет берилет.
Форма черновикке сактоо мүмкүнчүлүгү менен жабдылган. Отчеттордун черновиктери менен иштөө боюнча кененирээк маалыматты биздин www.dostek.kg сайтыбыздын Жардам – Колдонмолор бөлүмүнөн же шилтеме аркылуу өтүп таанышууга болот..
Форманы толтуруу тартиби менен Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы Формы отчетов – Подоходный налог – 2021 бөлүмүнөн же шилтеме аркылуу өтүп таанышууга болот.
Маалыматтык жана техникалык колдоо алуу үчүн 0312 960360, 0706 960360, 0558 960360 жана 0776 960360 телефон номерлерине же www.dostek.kg сайтындагы онлайн-чат аркылуу кайрылыңыздар.
04.06.2021 Жаңылыктар тизмесинеУрматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтка байланыштуу, 27-май дем алыш күн болоорун маалымдайт. СОчИ системасы 24/7 тартибинде, дем алышсыз жана тыныгуусуз иштээрин эсиңиздерге салабыз. ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 10на чейин (кошумча) дем алыш күндөр. 11-майдан компаниянын бардык кең╛селери өзүнүн кадимки тартибинде иштөөнү улантат. СОч...