«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы бардык салык төөлөөчүлөргө, 2018-жылдын 12-декабрындагы (№580) Токтомуна киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык, электрондук документ турүндөгү салык отчеттулугуна өтүү мөөнөттөрү жөнүндө маалымдайт.
2020-жылдын 31-декабрындагы (№641) Токтомунун жаңы редакциясында электрондук отчеттулука өтүү шарттары жана мөөнөттөрү өзгөргөн.
Ыңгайлуулук үчүн Токтомдун жаңы редакциясынан корутундулар өзгөрүүлөрү менен тартууланат.
- кызыл өңдүү тамгалар – жаңы кошулгандар;
- чийилген – күчүн жоготкон пункттар.
КР Өкмөтүнүн Токтому 2018-ж 12-декабры № 580
КР Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн Токтому 2018-ж 12-декабры № 580 редакциясында), (электрондук отчеттулука өтүү мөөнөттөрү боюнча корутундулар)
2-тиркеме
Электрондук документ түрүндө тапшырылуучу
салык отчеттулугуна өтүүнүн
ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ
Ушул Тартип КР Салык Кодекси, «Электрондук колтамга жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана электрондук документ түрүндө тапшырылуучу салык отчеттулугуна өтүүнүн тартиби менен мөөнөттөрүн аныктайт.
1-глава. Салык төлөөчүлөр тарабынан салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүдө электрондук кол тамганы колдонуунун тартиби
1. Ушул Тартиптин 2-главасына ылайык белгиленген мөөнөттөргө ылайык салык төлөөчүлөр тарабынан берилген электрондук документ түрүндөгү салыктык отчеттуулукка квалификациялык электрондук кол тамга коюлат.
2. Ушул Тартиптин 3-главасына ылайык белгиленген мөөнөттөргө ылайык салык төлөөчүлөр тарабынан берилген электрондук документ түрүндөгү салыктык отчеттуулукка жөнөкөй электрондук кол тамга коюлат.
2-глава. Квалификациялык электрондук кол тамга коюлган,салыктык отчеттуулукту электрондук
документ түрүндө берүүгө өтүүнүн мөөнөттөрү
3. Квалификациялык электрондук кол тамга коюлган, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү салык төлөөчүлөр тарабынан төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат:
|
№ |
Салык төлөөчүлөр |
Өтүү мөөнөттөрү |
|
1 |
Уюмдар жана жеке ишкерлер: 1) кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталгандар; 2) товарды импорттогондор жана/же экспорттогондор |
2019-жылдын 1-июлунан |
|
2 |
Ушул таблицанын 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн уюмдар, дыйкан фермердик чарбалардан тышкары |
2022-жылдын 1-январынан |
|
|
|
|
4. Ушул таблицанын 2,3-пунктарында көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр электрондук документ түрүндөгү салык отчеттулугун өз ыктыяры менен тапшырса болот (пункт күчүн жоготту)
3-глава. Жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган, салыктык отчеттуулукту электрондук документ
түрүндө берүүгө өтүү мөөнөттөрү
5. Жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү салык төлөөчүлөр тарабынан төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат:
|
№ |
Салык төлөөчүлөр |
Өтүү мөөнөттөрү |
|
1 |
Уюмдар |
2021-жылдын 1-апрелинен |
|
2 |
Жеке ишкерлер |
2022-жылдын 1-январынан |
"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...