Публикациялар

Жеке ишкерлер 1-январдан тартып салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы менен иштей алышат

pic

Товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча иш жүргүзгөн жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып чекене сатуулардан салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иштей алышат. Бул тууралуу Бишкек шаарында 17-декабрда "Бизнес үчүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү жаңылануулар" темасында өткөрүлгөн тегерек столдо кабарланды.

Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иштөө үчүн жеке ишкерлердин иши бир катар талаптарга жооп берүүгө тийиш. Атап айтканда, чекене сатуу салыгын төлөөчүлөрү үчүн ККМ-онлайн милдеттүү түрдө колдонулат жана алар КНС төлөөчүсү болбоого же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн (8 млн сом) ашпоого тийиш.

Чекене сатуу салыгын ставкасы биринчи жылында "нөлдүк" көрсөткүч менен, экинчи жылы – 1%, үчүнчү жылы – 2% жана төртүнчү жылдан тартып 3% белгиленген. Накталай эмес формада төлөөдө салыктын ставкасы 50 пайызга азаят.

Бул салык режиминин артыкчылыктары болуп ишмердиктин каалаган мезгилинде бул режимге өтүүнүн ыктыярдуу тартиби; ККМ-онлайндан алынган маалыматтар боюнча салык милдеттенмелери автоматтык түрдө түзүлгөндүгүнө байланыштуу салык декларациясынан тышкары салык отчетторун берүү зарылчылыгынын жоктугу; бухгалтердик эсеп жүргүзүү зарылдыгынын жоктугу жана салыкты мобилдик тиркемелер аркылуу оңой төлөө саналат.

Булак: www.sti.gov.kg

23.12.2020 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...