Публикациялар

СОчИ системасында жаңы отчет формасы пайда болду

pic

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, СОчИ системасында жаңы, ай сайын тапшырылуучу «Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчет» (STI-157) формасы пайда болгонун маалымдайт.

Отчет казып алынуучу пайдалуу кендердин жайгашкан жери боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге жана региондорду өнүктүрүү фонддоруна жиберүү үчүн республикалык бюджетке чегерүүчү жана пайдалуу кендерин катталган жерине карабастан иштеп чыгуучу (казып алуучу) жеке жактар, жеке ишкерлер же юридикалык жактар тарабынан берилет.

Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү эсептөө жана төлөө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексинин 46-главасынын негизинде жүргүзүлөт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексинин  128-беренесине ылайык «Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, кыйыр салыктарды эсепке албаганда, пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн акчанын 2 пайызы өлчөмүндө төлөнөт».

Отчет салык органына отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин салыктык жана/же эсептик катталган жери боюнча берилет.

1 форманы жөнөтүү баасы, бардык салыктарды өзүнө камтуу менен, 83 сомду түзөт.

17.07.2020 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...