Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 1-июлунан баштап киргизилген электрондук эсеп-фактуралардын иштөө принциптерин түшүндүрүү максатында WhatsApp жана Telegram мессенджерлеринде адистештирилген топ түздү.
Мессенджерлердин жардамы менен КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны колдонууда пайда болгон бардык маселелер боюнча катталган аймактык салык органына онлайн режиминде кайрыла алышат.
Ушуга байланыштуу, Салык кызматы "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасынын иши тууралуу маалымат берүүгө жооптуу аймактык салык органдарынын кызматкерлеринин телефон номерлерин жарыялайт. Бул тизме электрондук эсеп-фактураны колдонгон ишкерлердин ыңгайлуулугу үчүн берилет. Суроолор пайда болгон учурда, анын ичинде жаңы системага катталуу боюнча зарыл болгон толук маалыматты ыкчам алуу үчүн салык төлөөчүлөр аталган номерлер аркылуу кайрылуусу жетиштүү.
Көрсөтүлгөн номерлер боюнча маалымат берүүгө жооптуу кызматкерлердин туура эмес иш-аракети болгон учурда, (0312) 613186 номери аркылуу салык кызматынын ишеним телефонуна кайрылууну өтүнөбүз.
Эскерте кетсек, КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар ушул жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонууга өтүшктү.
Бул жерден телефон номерлери менен танышууга болот.
Булак: https://www.sti.gov.kg
14.07.2020 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...