Публикациялар

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетун тапшыруу мөөнөтү

pic

«ДосТэк групп» компаниясы СОчИ системасынын бардык колдонуучуларына маалымдайт: 2015-жылдын 31-июлунда КР Өкмөтүнүн № 548-Токтому менен бекитилген, Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төгүү тартиби жөнүндөгү Нускамага (мындан ары - Нускама) ылайык, Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостун (Форма 1) тапшыруунун акыркы күнү - ар бир айдын 19у.

Үстүбүздөгү жылдын башталышынан отчеттун бул түрүн кабыл алуучу КР Мамлекеттик салык кызматы, аталган форманы тапшыруу мөөнөтү Нускамадагы тартипке жараша так ишке ашырылаарын билдирди.

Нускамадан корутунду:

«62. Электрондук түрдөгү милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомосту (мындан ары - эсептешүү ведомосту) отчеттон кийинки айдын 20-күнүнө чейин берилет»

Эгерде көрсөтүлгөн мезгилге эсептешүү ведомосту тапшырылбаса, төлөөчүгө өткөн отчеттук мезгил үчүн түзүлгөн төлөмдөрүнөн 25 пайыз өлчөмүндө айып чегерилет.

СОчИ системасы аркылуу бул отчетту ар бир айдын 19нда 23 саат 55 мүнөткө чейин жөнөтүүгө болот.

25.07.2019 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...