«ДосТэк групп» компаниясы СОчИ системасынын бардык колдонуучуларына, сайттын «Жардам - Колдонмолор» бөлүмүндө салык отчеттуулугунун формаларына шаблонду жүктөө боюнча колдонмо жаңыртылганы жөнүндө кабарлайт.
СОчИ системасындагы шаблон жаңыртылганына байланыштуу, кээ бир колдонуучуларда шаблонду толтурууда, аны системага жүктөгөндөн кийин берилмелердин отчет формасына туура көчүрүлүүсүндө маселе жаралууда.
Жаңыртылган колдонмодо мамычаларды тууралоо жана жалпы эле шаблон менен иштөө боюнча маанилүү сунуштамалар берилген.
Сайттагы колдонмого шилтеме: http://dostek.kg/api/?action=Files.get&link=20190603105401
Эгер суроолоруңуздар болсо, чалуу борборуна: 0312 960 360, 0706 960 360, 0558 960 360, 0776 960 360 телефондору аркылуу же office@dostek.kg электрондук почтасына кайрылыңыздар.
03.06.2019 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...