2019-жылдын 1-июлунан 2020-жылдын 1-январына чейин эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбоор өткөрүлөт. Кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, өз ыктыяры менен, долбоордун катышуучулары боло алышат.
Долбоорду уюштуруу жана өткөрүү иштери КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына дайындалды. Ишке ашырууну КР Өкмөтү тарабынан бекитилген, маалыматтык ресурстардын ыйгарым укуктуу техникалык оператору менен биргеликте жүргүзүлөт.
Электрондук эсеп-фактураларды түзүү, жүргүзүү, тариздөө жана колдонуунун, ошондой эле документтин өзүнүн формасы менен эсеп-фактуралардын колдонулбаган серия жана номерлеринин калдыктары жөнүндөгү кабарламанын формасы жөнүндөгү убактылуу тартип, 2019-жылдын 15-апрелинен КР Өкмөтүнүн № 161-Токтому менен бекитилген.
Долбоорго катышуу жөнүндө чечим кабыл алган КНС төлөөчүлөрү кийинки шарттарды билүүсү зарыл:
Пилоттук долбоордун катышуучусу катары катталган күнүнөн эсеп-фактуралардын колдонулбаган серия жана номерлеринин калдыктары (тармактык эсеп-фактураларга да тиешелүү) жараксыз деп эсептелет.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Токтомунун аракети пилоттук долбоорго катышуучу катары каттоо тууралуу салык органы чечим кабыл алган датадан тартып пилоттук долбоорго катышкан КНС салыгын төлөөчүлөргө колдонулбайт.
Кененирээк маалымат алуу үчүн КР МСКнын чалуу борборуна 194 номери менен байланышууну суранабыз.
2019-жылдын 15-апрелинен КР Өкмөтүнүн № 161-Токтомуна шилтеме: http://cdb.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/13540
07.05.2019 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...