«ДосТэк групп» компаниясы салык төлөөчүлөргө маалымдайт: «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн № 580-Токтомуна (2018-жылдын 12-декабрынан) ылайык, 2019-жылдын 1-июлу салык отчеттуулугун электрондук документ түрүндө квалификацияланган электрондук колтамга аркылуу берүүгө өтүүнүн мөөнөтү катары аныкталган.
Токтомго шилтеме: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/12799
Төмөн жакта Токтомдун 2-тиркемеси келтирилген:
Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн
ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ
Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Электрондук башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүүнүн тартибин жана мөөнөтүн аныктайт.
1-глава. Салык төлөөчүлөр тарабынан салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүдө электрондук кол тамганы колдонуунун тартиби
1. Салык төлөөчүлөр тарабынан берилүүчү электрондук документ түрүндөгү салыктык отчеттуулукка, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү берүүгө өткөнгө чейин жөнөкөй электрондук кол тамга менен кол коюлат.
2. Салык төлөөчүлөр тарабынан берилүүчү электрондук документ түрүндөгү салыктык отчеттуулук ушул Тартиптин 2-главасына ылайык салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү берүүгө өтүү үчүн белгиленген мөөнөткө ылайык квалификациялык электрондук кол тамга менен кол коюлат.
2-глава. Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн мөөнөттөрү
3. Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү салык төлөөчүлөр тарабынан төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат:
|
№ |
Салык төлөөчүлөр |
Өтүү мөөнөттөрү |
|
1 |
Уюмдар жана жеке ишкерлер: 1) кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталгандар; 2) товарды импорттогондор жана/же экспорттогондор |
2019-жылдын 1-июлунан |
|
2 |
Ушул таблицанын 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн уюмдар жана жеке ишкерлер |
2021-жылдын 1-январынан |
|
3 |
Ушул таблицанын 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлбөгөн салык төлөөчүлөр салыктык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү болгон мөөнөт |
2022-жылдын 1-январынан |
4. Таблицанын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө 2019-жылдын 1-июлунан тартып ыктыярдуу түрдө бере алышат.
26.04.2019 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...