КР Мамлекеттик салык кызматында камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу башталгандан тартып, салык төлөөчүлөр менен жолугушуунун, ошондой эле, теле берүү жана радиодогу түз эфирлердин жүрүшүндө, өлкөнүн жарандары салык кызматынын компетенциясына кирбеген суроолор боюнча кайрылышууда.
Ушуга байланыштуу, өткөрүлүп берилген функциялардын жана ыйгарым укуктардын алкагында салык органдары төмөнкүлөрдү ишке ашырышат:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, эсепке алуу;
- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу.
Ал эми КР Социалдык фондунда төмөнкү функциялар калды:
- пенсияларды, жөлөкпулдарды дайындоону, компенсацияларды кошуп эсептөөнү жана аларды төлөөнү уюштуруу;
- өлкөнүн аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактарды эсепке алууну жүргүзүү;
- "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандырылган адамдардын жекече (индивидуалдык) эсебин жүргүзүү;
- кызматкерлердин жана башка жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүгө күнөөлүү болушкан иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан эмгектик мертинүүсүнүн, кесиптик дартка чалдыгуусунун натыйжасында келип чыккан майыптыгы боюнча мамлекеттик пенсиялардын же баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялардын суммаларын өндүрүү.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы жарандарды Салык кызматынын компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча салык органдарына кайрылууга, ал эми Социалдык фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча Социалдык фонддун органдарына кайрылууга чакырат.
Кененирээк маалыматты 194 (МСК) жана 1202 (СФ) номерлери аркылуу алууга болот.
Маалымат булагы: http://www.sti.gov.kg
17.04.2019 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...