«ДосТэк групп» компаниясы, Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсептик ведомостун (Форма 1), СОчИ системасы аркылуу жаңыдан тапшырып баштаган уюмдардын көңүлүн форманы тапшыруу мөөнөтүнө бурат.
Өзүңүздөр билгендей, үстүбүздөгү жылдын башталышы менен, КР Социалдык фонду камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын КР Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берген. Ага байланыштуу, бул отчетту кабыл алып, өз убагында тапшырылышын көзөмөлдөөчү мекеме – Салык кызматы.
КР МСКнын сайтындагы маалымат боюнча, Эсептик ведомость отчеттук мөөнөттөн кийинки айдын 20на чейин кабыл алынат.
Бул тартиптин негизинде, СОчИ системасында отчетту тапшыруу мөөнөтүнө чектөө коюлган. Эсептик ведостту ар бир айдын 20сында 23 саат 59 мүнөткө чейин тапшырууга болот. Аталган убактан кийин, отчет тапшыруу мүмкүнчүлүгү болбойт.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекстин 346, 351-беренелерине ылайык, отчет тапшыруу мөөнөтүн бузуу, салыктарды эсептөө жана бюджетке төлөө менен байланышкан бухгалтердик отчетторду бербөөгө жатып, кызмат адамдарына да, уюмдун өзүнө да административдик айып салууга алып келээрин эсиңиздерге салабыз.
12.03.2019 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...