Публикациялар

МСК таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды башкарууну баштады

pic

Салык органдары 2019-жылдын 1-январынан тартып калктуу конуштардан (ишкерлик иш үчүн арналбаган турак жай курулмаларын кошпогондо) таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү башкарууну баштады.

Бул функциялар Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин талаптарына ылайык Салык кызматына жүктөлгөн.

Алсак, Салык кызматы ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, төлөөчүлөрдүн калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча милдеттенмелерди аткаруусун, аларга эсептелген жана төлөнгөн суммаларын контролдоого милдеттүү.

Салыктык эмес кирешелерди башкарууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы токтому менен Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөлөрдүн жана Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчеттун формалары, аларды толтуруу жана берүү тартиптери менен бекитилген. 

Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөөчүлөр Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин 24-главасына ылайык эсептелүүчү жана төлөнүүчү, ташып чыгаруу үчүн төлөм боюнча эсепти толтуруп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген мөөнөттө салыктык жана/же эсептик каттоо жери боюнча салык органына берет.

Эсептөөлөр капиталдык жана/же убактылуу курулмалардын ээлери тарабынан берилет.

Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү төлөөчүлөр Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин 46-главасына ылайык эсептелүүчү жана төлөнүүчү, инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчетту толтуруп, отчеттук айдан кийинки айдын 20-күнүнө чейин салыктык жана/же эсептик каттоо жери боюнча салык органына берет.

Отчет пайдалуу кендерди катталган жерине карабастан иштетишкен (казып алышкан) жана пайдалуу кендердин табылган жери боюнча региондорду өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге багыттоо үчүн республикалык бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жактар, жеке ишкерлер тарабынан берилет.

Белгилей кетсек, салык органдары төлөөчүдөн салыктык эмес кирешелер боюнча документти берүүсүн талап кылууга укуктуу. Ошондой эле, алар төлөөчүлөргө милдеттенмелерин аткарууларына көмөк көрсөтүүгө жана отчеттордун формаларын толтуруу тартибин түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.

Маалымат булагы: www.sti.gov.kg

28.02.2019 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...