Эртен, 28-февралда юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктаарын Мамлекеттик салык кызматы эскертет.
Ушуга байланыштуу, Салык кызматы декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат.
Бүгүн жана эртен аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.
Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
Маалымат булагы: www.sti.gov.kg
27.02.2019 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...