Публикациялар

МСКга мүлк салыгы боюнча маалымат эсептерин тапшыруу токтотулду

pic

«ДосТэк групп» компаниясы бардык салык төлөөчүлөргө, 2019-жылдын 1-январынан КР Мамлекеттик салык кызматына бардык топтогу мүлк салыгы боюнча маалымат эсептерин тапшыруу токтотулганын маалымдайт. Аталган өзгөрүүлөр, «КР Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамына (2019-ж. 4-февралынан, № 23) ылайык жүргүзүлдү.

СОчИ системасынын бардык колдонуучуларына, төмөнкү жылдык отчет формалары жабылганы жөнүндө маалымдайбыз:

- STI- 087 «2-топтогу мүлк объекттеринин салыгы боюнча маалымат эсеби»;

- STI- 088 «3-топтогу мүлк объекттеринин салыгы боюнча маалымат эсеби»;

- STI- 089 «4-топтогу мүлк объекттеринин салыгы боюнча маалымат эсеби»;

- STI- 090 «Жеке жактардын 4-топтогу мүлк объекттеринин салыгы боюнча маалымат эсеби»;

- STI- 076 «Айыл-чарба багытындагы жер салыгы боюнча маалымат эсеби»;

- STI- 077 «Айыл-чарба багытында эмес жер салыгы боюнча маалымат эсеби».

Жогоруда аталган Мыйзамдагы өзгөрүүлөргө ылайык, жеке жактар жана уюмдар үчүн мүлктүн ар түрдүү топтору боюнча Маалымат эсебин тапшыруу мөөнөттөрү көрсөтүлгөн, «Салык төлөө тартиби жана мөөнөтү» 332-беренесинин, 5, 6, 7.1) бөлүктөрү күчүн жоготту.

Мыйзамдын өзүн бул жерден окуса болот.

25.02.2019 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...