Сунуштар:
«Келишимдин мөөнөтү аяктаган соң, төлөм бар болсо да, системадан тез эле өчүрүлүп калат».
«ЭКТны узартуу жөнүндө өз убагында эскертип туруу (Мисалы, мөөнөттүн аяктоосуна мынча күн калды, ЭКТны узартуу үчүн документтерди тапшырыңыздар)».
Жооп:
Электрондук кол тамганын иштөө мөөнөтү, алган убактан 12 ай өткөн соң аяктап, аны мөөнөтүн узарткандан кийин гана колдонууга болот. ЭКТнын өчүрүлүшү, баланста акча каражаты болсо да, система тарабынан автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
ЭКТнын мөөнөтүнүн аякташы, маанилүү кезде Сизге ыңгайсыздык жаратпоо максатында, колдонуучулар үчүн атайын иштелип чыккан, эскертүү боюнча акысыз кызматты кошууну сунуштайбыз.
Эгер Сиз Булуттагы сактагычты колдонсоңуз, мөөнөттүн аякташын өз убагында билүү гана эмес, ЭКТны биздин кеңсеге келбестен, онлайн узартуу мүмкүнчүлүгүңүз бар.
Эгер Рутокен колдонсоңуз, бул кызмат ЭКТнын мөөнөтү аяктоосу жөнүндө өз маалында эскертип турат. Бирок узартууну биздин кеңседен гана жүргүзүүгө болот.
Бул жерден эскертүү кызматын кошуу жана колдонуу боюнча колдонмо менен таанышсаңыз болот.
18.01.2019 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...