«ДосТэк групп» компаниясы, «№1-ФХД-микро» кварталдык статистикалык отчетун тапшырган колдонуучуларга маалымдайт: 2018-жылы, «№1-ФХД-микро» формасынын 4-квартал үчүн тапшыруучу отчету КР Улуттук статистика комитети тарабынан жокко чыгарылган. Анын ордуна, 2019-жылдын 1-мартына чейин «№1-ФХД-микро» жылдык отчетун Статкомитеттин өзүнө тапшыруу зарыл.
КР Улуттук статкомитети, «№1-ФХД-микро» формасына отчеттук жылдын 1-кварталынан 4-кварталына чейинки (кошулуу жыйынтыгы боюнча) берилмелерди киргизүү керектигин эсиңиздерге салат.
Көп учурларда, «№1-ФХД-микро» жылдык формасына абоненттер 4-чү гана кварталдын берилмелерин киргизип же 4-чү кварталды кошпостон, 1-кварталдан 3-кварталга чейинки (кошулуу жыйынтыгы боюнча) берилмелерди жазышат. Мындай отчетторду мамалекеттик орган кабыл албайт.
Ошондой эле, КР бузуулар жөнүндөгү Кодексине ылайык, КР Улуттук статистика комитетине маалыматтык берилмелерди тапшыруу мөөнөттөрүн бузуу үчүн айыптар каралганын Статкомитет эскертет.
Жогоруда аталган жагдайларга ылайык, «№1-ФХД-микро» кварталдык формасы СОчИ системасында 2019-жылдын 1-мартынан гана ачылып, 2019-жылдын 1-кварталы жана кийинки кварталдардын отчетторун тапшырууга жеткиликтүү болот.
10.01.2019 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...