Сунуш:
«Саламатсыздарбы, төлөмдү телефон аркылуу жүргүзсөк жакшы болоор эле, мисалы, Элсом же башкалар. Анткени, кээде 20 сом жетпей калса да, терминал издөөгө туура келет».
Жооп:
Уюлдук телефон аркылуу «Элсом» жана «МобильникДеньги» мобилдик капчыктарынын жардамы менен төлөм жүргүзүүгө болот.
«Элсом» аркылуу СОчИдеги балансыңызды толтурууга болот. Ал үчүн «Оплатить» бөлүгүн, андан кийин «Другие» бөлүгүн ачыңыз же капчыктын издөө сабына «Dostek» сөзүн териңиз. Өздүк эсеп катары уюмуңуздун ИННин жазыңыз. Төлөмдүн комиссиясы – 0 сом.
«МобильникДеньги» капчыгы аркылуу СОчИдеги балансты гана толуктабастан, каттала элек уюмдар үчүн электрондук кол тамга менен сактагыч үчүн төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар. Төлөмдөрдү эки башка жүргүзүү максатында, мобилдик капчыгында 2 бөлүк түзүлгөн: «Dos Tek Group – пополнение баланса» жана «Dos Tek Group – оплата за услуги». Бул бөлүктөрдү «Оплатить» - «Другие услуги» бөлүмүнөн табууга болот. Балансты толуктоодо реквизит катары уюмуңуздун ИННин, ал эми кызматка төлөөдө – төлөө эсебинин номерин жазыңыз. Төлөмдүн комиссиясы – 0 сом
Эгер мобилдик капчыктарды колдоно элек болсоңуз, алардын бирин телефонуңуздагы Play Market же App Store тиркемелеринен жүктөп алууну сунуштайбыз.
24.12.2018 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...