Суроолор:
«Таштандылар боюнча отчетту Сиздер аркылуу 1-апрелге чейин тапшырууга болот. Ал эми компаниялар 1-апрелден кийин жыл ичинде катталса да, салык кызматы таштандылар боюнча отчетту талап кылат. Сиздер аркылуу отчет тапшырылбай, көп убакыт текшерүүнү күтүүдө болот».
«КНС боюнча тактоочу отчеттор менен БСД ар дайым күтүүдө турат. Салык кызматына барып, отчеттун кабыл алынганын тактоого туура келет. Отчетту басып чыгарганда «кабыл алынды» деген белгинин болгону биз үчүн маанилүү».
Жооп:
Таштандыларды чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн эсеби боюнча отчет формасы (Form STI-055) жылдын бардык мөөнөттөрүндө СОчИ системасы аркылуу тапшырууга жеткиликтүү. Тилекке каршы, бул отчет, ошондой эле тактоочу отчеттордун түрлөрү жана Бирдиктүү салык декларациялары автоматтык режимде кабыл алынбайт. Алар кураторлор тарабынан ар бири өзүнчө текшерилет. Андыктан, адатта, отчеттор көпкө чейин текшерүүнү күтүүдө болот.
Мындай учурларда, www.dostek.kg сайтындагы телефон же электрондук почта аркылуу бизге кайрылууну сунуштайбыз. Катка, сөзсүз түрдө, уюмуңуздун ИННин, жөнөтүлгөн отчеттун аталышы менен тапшырылган мөөнөтүн жазуу керек.
Биз отчет жөнөтүлгөн МСК башкармалыгынын кураторлоруна кайрылып, отчетторуңузду текшерүүнү тездеткенге аракет кылабыз.
20.12.2018 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...