Урматтуу кардарлар!
биздин сурамжылоого катышкандарга чоң ыраазычылык билдиребиз. Көптөгөн жылуу сөздөр жана туура айтылган сын пикирлер үчүн рахмат. Ошондой эле, Сиздерден көп-көп суроо жана сунуштар түштү.
Бүгүнкү күндөн тартып, бардык кардарларга кызыктуу боло турган, эң маанилүү суроолорго жоопторду жарыкка чыгарууну баштайбыз. Андан тышкары, Сиздердин сунуштар боюнча системада кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын баяндамакчыбыз.
Сайтты жакшыртуу боюнча сунуш:
«Керектүү маалыматты тез издөөчү курал керек, ошондой эле категорияларга бөлүп, онлайн – администратор менен байланыш түзүү зарыл».
Жооп:
Сайтта маалыматты тез табуу жолу
www.dostek.kg сайтында кандайдыр-бир маалыматты тез табуу үчүн, башкы беттин жогору жагында жайгашкан издөө сабын колдонуу керек.
Изделүүчү сөздү издөө сабына жазып, лупанын сүрөтүн басыңыз.
Бул опциянын ыңгайлуулугу, издөөнүн жыйынтыгы өзүнчө категорияларга бөлүнүп сунушталат:
- жаңылыктардан – изделүүчү сөздүн жаңылыктарда кезигиши;
- сайттын беттеринен – изделүүчү сөздүн сайттын бөлүмдөрүнөн кезигиши;
- «Жардам» бөлүмүнөн – изделүүчү сөздүн, көп кездешүүчү суроолор, колдонмолор жана методологиялык маалымат жайгашкан, «Жардам» бөлүмүнөн кезигиши.
Мындай издөө куралы керектүү маалыматты сайттын баарын барактабастан, тез арада табууга мүмкүнчүлүк берет.
Сайттагы негизги бөлүмдөр жана категориялар
Сайттагы бардык маалымат электрондук отчет тапшыруу системасы жана электрондук кол тамга жөнүндө маалыматты биринчи алуучуларга же электрондук отчетторун жаңы тапшырып баштагандарга багытталган. Бирок, бул тармакта көптөн бери иш алып барган кардарларыбыз үчүн да, «Документтер», «Төлөө», «Тарифтер» жана өзгөчө «Жардам» бөлүмдөрүнө кайрылып туруу пайдалуу болот деп эсептейбиз, анткени маалымат жаңыланып, кошумчаланып турат.
«Документтер» бөлүмү – бул жерден электрондук кол тамга алып/жаңыртып, электрондук отчеттулук системасына кошулууда керектелүүчү документтерди табасыз. Андан тышкары, биздин компания менен кардардын ортосундагы милдет жана жоопкерчиликти жөнгө салуучу документтер да бар.
«Тарифтер» бөлүмү – бөлүм чарба субъекттеринин түрдүү категориялары үчүн иштелип чыгып, негизги 4 бөлүктөн турат:
- Кичи ишкерликке;
- Орто ишкерликке;
- Ири ишкерликке;
- Мамлекеттик, бюджеттик уюмдарга.
Кандайдыр-бир кызматтын баасын көрүүнүн алдында, Сиздин уюм таандык болгон категорияны тандоо керек. Мындай ыкма, категорияңызга жараша колдонуучу, кызматтардын баасын көрүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, бөлүм калькулятор менен жабдылган. Аны колдонуу менен, Сиз белгилеген кызматтарга, айына, кварталына же жылына төлөөчү сумманы, сайттан чыкпастан, эсептеп алсаңыз болот.
«Төлөө» бөлүмү – төлөө жолдору, төлөө коддору, биздин кызматтар үчүн төлөм кабыл алуучу системалар жана биздин реквизиттер – баарын ушул бөлүмдөн көрсөңүз болот.
«Жардам» бөлүмү – бөлүм 4 категориядан турат:
- Көп кездешүүчү суроолор – кардарлардан көп түшүүчү суроолор жана биздин адистердин жооптору;
- Колдонмолор – системадагы орнотуулар жана опциялар боюнча кенен сунуштоолор, экрандын сүрөттөлүшү менен;
- Формаларды толтуруу – отчет формаларын толтуруу боюнча кеңештер жана отчет түзүүдө керектелүүчү маалыматтар;
- Алыстан колдоо – кардарларга алыстан көрсөтүлүүчү колдоо жолу жөнүндө.
Жаңылыктар бөлүмү – башкы бетте жайгашат. «Бардык жаңылыктар» жазуусун басуу менен жаңылыктар топтолуучу бетке өтөсүз. Бул жерде 2014-жылдан бери жарыяланган маалыматтын баары бар. Беттин жогору жагында, аныктуу бир убакыттагы жаңылыктарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берген, опция бар. Ошондой эле, атайын сапка электрондук почтаны терип, жаңылыктарга жазылып койсо болот.
Бухгалтердин календары – календарь сайттын башкы бетинде жайгашып, өзгөчө жаңы иштеп баштаган бухгалтерлер үчүн пайдалуу курал болушу мүмкүн. Анда КР Мамлекеттик салык кызматына, КР Социалдык фондуна жана КР Улуттук статистика комитетине тапшырылуучу отчеттордун мөөнөттөрү белгиленген.
Онлайн-чат жана мессенджерлер – сайтта, биздин чалуу-борбордун операторлору менен байланышуучу, онлайн-чат орнотулган. Эгер компьютериңизде же телефонуңузда Facebook же Telegram орнотулган болсо, чат Сизге байланышуу жолун өз алдынча тандоого мүмкүндүк берет.
Операторлор Сиздин суроолоруңузга иш күндөрү саат 9.00дөн 17.30га чейин жооп беришет. Иш убактысынан тышкары, суроолоруңуз менен байланышуу маалыматын чатка жазып калтырсаңыз болот. Иш күнү башталаары менен операторлор Сиз менен байланышат.
28.11.2018 Жаңылыктар тизмесинеУрматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтка байланыштуу, 27-май дем алыш күн болоорун маалымдайт. СОчИ системасы 24/7 тартибинде, дем алышсыз жана тыныгуусуз иштээрин эсиңиздерге салабыз. ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 10на чейин (кошумча) дем алыш күндөр. 11-майдан компаниянын бардык кең╛селери өзүнүн кадимки тартибинде иштөөнү улантат. СОч...