Публикациялар

Жетинин айынын 2си - «ДосТэк групп» компаниясынын күнү

pic

Урматтуу биздин Кардарлар!

Бүгүн биздин компаниянын түзүлгөн күнү! 2009-жылы, жетинин айынын 2синде «ДОС ТЭК ГРУПП» ЖЧКсы юридикалык жак катары катталган.

Артка көз чаптырып, өткөн жолубуз жөнөкөй болбогонун түшүнүп жатабыз, анткени электрондук отчеттуулук жаатында биз биринчилерден болуп, бул жолдо ката менен түйшүктүн үстүндө жылып отурдук.

Кантсе да, бул жылдары биздин СОчИ системабыз жөнөкөй программадан көп кызматтарды бириктирген олуттуу комплекске айланды, ал эми биздин эмгек жамаатыбыздын тажрыйбасы көбөйүп, кесипкөйлүгү жогорулады. Бирок, биз үчүн эң маанилүүсү – бул Сиздер – биздин Кардарлар, ар дайым биз менен болдуңуздар! Сиздер бизге ишеним артып, колдоо көрсөттүңүздөр! Сиздердин сунуш жана сын пикирлериңиздер бизге жол көрсөтүп, жаңы идеяларга демилге берет.

Алдыда биздин пландарыбыз көп, ошондой эле Сиздердин ишеничиңиздерди актоо жана күтүүлөрүңүздөрдү ашыгы менен ишке ашырууну максат коюп жатабыз!

Бүгүн, чын жүрөктөн Сиздерге рахмат айтабыз! Бизге болгое ишенич, жылуу сөз жана колдооңуздар  үчүн!

02.11.2018 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...