Статистикалык өндүрүштү жана анын натыйжаларын баалоо, пайдалануучулардын керектөөлөрүн сапаттуу ишенимдүү статистикалык маалыматтар менен камсыздоо процесстерин башкарууну жетилте өздөштүрүү максатында жана бизнес–коомчулуктун өтүнүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Улутстаткому респонденттерге болгон жүктөрдү төмөндөтүү, мамлекеттик статистикалык отчетуулуктун формаларын жана кайталоочу көрсөткүчтөрдү кыскартуу боюнча иштерди туруктуу түрдө жүргүзүп турат.
Ошондой эле, отчеттук 2019-жылга карата чакан ишканалар үчүн отчетуулуктун формаларын берүү мөөнөттөрүн оптималдаштыруу максатында, №1-ФХД (микро) «Чакан ишкана ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө» жана 2018-жылдын 4-кварталына №1-Ф «Ишкана ишмердигинин негизги финансылык көрсөткүчтөрү жөнүндө отчету» боюнча статистикалык маалыматты чогултуу жана статистикалык отчетуулуктун кварталдык формаларын берүү жокко чыгарылды.
Муну менен катар, 2019-жылга карата Статистикалык иштердин программасында жогоруда көрсөтүлгөн жылдык формаларды берүүнүн мөөнөттөрү аймактык статоргандар тарабынан 5 календарлык күнгө (20- апрелден 15-апрелге) жана пайдалануучулар үчүн Улустатком тарабынан 2019-жылы 20 календарлык күнгө (25-июнунан 5-июнуна) жылдырылды. Бул ишканаларга ушул формалар боюнча статистикалык отчетуулуктун жылдык формаларын толтурууда ишканалардын дыкат ыклас коюсуна мүмкүндүк берет.
Отчеттуулуктун бланктарын тираждап басып чыгаруу боюнча бюджеттик каражаттардын үнөмдөлүшү кыскартылган түрдө 50 000 сомго жакынды түзөт.
Кененирээк маалымат алуу үчүн 62-55-91, 66-42-09 телефондору боюнча КР УСКнын финансы статистикасы бөлүмүнө кайрылууну өтүнөбүз.
Маалымат булагы: http://www.stat.kg - КР Улуттук статистика комитетинин расмий сайты.
«ДосТэк групп» компаниясынан түшүндүрмө: СОчИ системасы аркылуу жөнөтүлүүчү, статистика отчеттуулугунун бардык формалары өзгөрүүсүз жана мурунку тартипте тапшырылат. «ФХД-МИКРО» жана «№1-Ф» формаларынын 4-кварталы гана тапшырылбайт.
02.10.2018 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...