«DOS TEK GROUP» компаниясы өзүнүн Кардарларына ДАГЫ БИР ИРЕТ маалымдайт: 2015-жылдын 1-январынан тартып, экинчи ЭСКК каралган компанияларда, сөзсүз түрдө, эки ЭСККну тең (жетекчиге жана бухгалтерге) корголгон эс тутумдарга (токен же “булутта” сактоо) жаздыруу тартиби киргизилет.
Эгерде корголгон эс тутумга алдын ала заказ берибесе, Кардар автоматтык түрдө, айлык баасы 130 сом турган, ЭСККну “булутта” сактоо кызматына өткөрүлөт.
Өзүнүн ЭСККсун токенге жаздырууну каалаган бардык Кардарлар, алдын ала заказ берүү табыштамасын (Заявка) толтуруп, 2014-жылдын 26-декабрына чейин sales@dostek.kg дарегине жөнөтүүсү зарыл. Табыштаманын Сиздерге туура келген түрүн төмөндөн көчүрүп алсаңыздар болот: Форма № 1 – Жалпы (Общая), Форма № 2 – телөөчү бухгалтерлер жана бухгалтердик компаниялар үчүн.
Алдын ала заказдын төлөмүн, банктык котормо аркылуу - 2014-жылдын 26-декабрына чейин, ал эми накталай кеңсенин кассасына - 2014-жылдын 29-декабрына чейин жүргүзүү керек.
Биздин жаңыланууларга түшүнүү менен мамиле жасап, корголгон эс тутумдун түрүн аныктоону тездетүүнүздөрдү суранабыз.
Урматто менен, «DOS TEK GROUP» компаниясынын администрациясы.
"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...