«ДосТэк групп» компаниясы жалпы салыктын негизинде салыкты жөнөкөйлөтүлгөн система боюнча төлөөчү Жеке Ишкерлерге, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана КР Социалдык фондуна отчет тапшыруудагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдайт.
2018-жылдын 1-январынан, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу, СОчИ системасы аркылуу Социалдык фондко отчет тапшыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Эми камыздандыруу полисин сатып алуунун ордуна камсыздандыруу төгүмдөрүн өзү үчүн жалпы тартипте төлөөгө жана төлөнгөн төгүмдөрдү да жалпы тартипте Эсептик ведомостуна өзү жөнүндөгү маалыматты камтып, киргизүүгө болот.
Мындай тартипке өтүү үчүн Жеке Ишкер өзү катталган Социалдык фонддун жергиликтүү башкармалыгына жазуу түрүндөгу арыз менен кайрыпуусу керек (ошондой эле Соцфонд органдарына биринчи катталууда).
Төлөөчүнүн камсыздандыруу төгүмү аймак боюнча орточо айлык акынын (СМЗ) 10% көлөмүндө калат. Бирок ведомосттогу бул кызматкер боюнча эмгекке төлөө фондунун (ФОТ) суммасы аймактагы орточо айлык акыдан кем көрсөтүлө албайт (ашыкча көрсөтүүгө болот).
12.07.2018 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...