«ДосТэк групп» компаниясы ЭКТ (электрондук кол тамга) ээлерине КР Социалдык фондуна отчет жөнөтүү менен байланыштуу жагдай боюнча кайрылат.
Акыркы мезгилде КР Социалдык фондунун системасына кирүү жана отчет тапшыруудагы көйгөйлөр Социалдык фонддун электрондук отчеттулук системасын жаңыртуу себебинен болууда.
Биздин эң башкы максатыбыз – колдонуучуларды ыңгайсыздыктардан чектөө болуп эсептелет. Бирок, тилекке каршы, бул жагдайда, системанын ишин калыбына келтирүүдө «ДосТэк групп» компаниясынын иш аракеттери чектелүү.
Үстүбүздөгү отчеттук мөөнөт аяктап баратканын эске алып, биз өзүбүз тараптагы жумуштарды аткарып, Социалдык фонд тарабындагы иштерге көмөк көрсөтүүгө аракет жасап жатабыз. Кырдаалды тынымсыз көзөмөлгө алып, өзүбүздүн карамагыбыздагы иштерди аткаруудабыз.
Биздин компания тарабындагы электрондук сервистердин техникалык көрсөткүчтөрү толук ишке жөндөмдүү тартипте иштеп жатканын белгилегибиз келет. Компаниянын техникалык адистери СочИ программалык-аппараттык комплексин жана кошумча сервистерди күнү-түнү көзөмөлдөөдө.
Социалдык фонд тарабындагы техникалык жумуштар аяктап, сервис жеткиликтүү болоору менен биз бардык колдонуучуларга сайттагы жана СОчИ системасындагы жаңылыктардан кабарлайбыз.
Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
12.06.2018 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...