Публикациялар

«Үнөмдүү Рутокен» уникалдуу акциясы

pic

Өлкөбүздүн бардык тармактарына электрондук системаларды жана башка IT-технологияларын киргизүү мезгилинде, «DosTek group» компаниясы да бул багытты кеңири жайылтууга өзүнүн салымын кошуусу жөнүндө кубаныч менен кабарлайбыз. Биз «Үнөмдүү Рутокен» уникалдуу акциясынын башталышы жөнүндө жарыялайбыз. Акцияга биздин компаниянын кардарлары гана эмес, Кыргызстандын аймагында электрондук кол тамганы (ЭКТ) колдонуп иштөөчү бардык электрондук системалардын колдонуучулары катышууга болот!

Электрондук кол тамга менен «RuToken» жеке сактагычы - баары үчүн өтө төмөн баада! Атайын Сиздер үчүн иштеп чыккан акциядан максималдуу пайда алууга шашылыңыздар!

Акциянын шарттары:

Акция боюнча электрондук кол тамганы 550 сомго сатып алууга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар. Бирок электрондук кол тамганы мындай баада алуу үчүн, аны сактоого «RuToken» жеке сактагычын тапдап алуу керек. Электрондук кол тамганы жаздыруу үчүн өзүңүздүн «RuToken» сактагычыңызды алып келсеңиз да, биздин компаниядан 2 300 сомго сатып алсаңыз да болот. Жогоруда аталган баалар бардык салыктарды камтыйт.

Акцияга, электрондук кол тамганы көп жылдан бери колдонуп келаткандар да, аны сатып алууну жаңы пландагандар да катышууга болот.

Акциянын мөөнөтү: 2018-жылдын 19-апрелинен 1-сентябрына чейин.

Эскертүү: «Булуттагы сактагычты» колдонуучулар үчүн ЭКТнын баасы өзгөрүүсүз бойдон: жетекчинин ЭКТсы – 1 510 сом, башкы бухгалтердин ЭКТсы – 1 420 сом.

18.04.2018 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...