Публикациялар

Эми биздин консультация менен жаңылыктар Telegram аркылуу да мүмкүн

pic

«DosTek group» компаниясы кубанычтуу кабар менен бөлүшөт: Telegram-каналы жана чат ачылды.

Telegram – бул билдирүү алмашууга жана жазылган каналдардан маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген, смартфондорго жүктөлүүчү мобилдик тиркеме.

Dostek.kg online чаты – бул жерде биздин адистерге суроо берип, кеңеш алып, керектүү файлдарды жөнөтүүгө болот. Чатка шилтеме: https://t.me/DostekBot Шилтемеге өтсөңүз, биз менен байланышуу каналы телефонуңузда пайда болот!

Азырынча, чаттын бир гана кемчилиги – кайрылууларга жооп жумуш убактысынын чегинде гана, дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9.00дөн 17.30га чейин ала аласыздар.

Dostek.kg news каналы – бул жерде биз бухгалтердик электрондук отчеттулук тармагындагы бардык маанилүү жана актуалдуу маалыматты жарыкка чыгарабыз: СОчИ системасында жана отчеттук формалардагы жаңылануулар, мыйзамда болгон өзгөртүүлөр, салык салуу жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жаатындагы жаңылыктар ж.б. Каналга шилтеме: https://t.me/dostekgroup

Биздин каналга жазылып, бардык маанилүү маалыматты телефонуңуздан окуп туруңуз.

17.01.2018 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...