«DosTek group» компаниясы Айкын оферта келишиминин шарттарында өзгөрүүлөр болгондугун билдирет. Келишимдин жаңы редакциясы 2017-жылдын 21-апрелинде компаниянын www.dostek.kg расмий сайтында жарыяланып, күчүнө кирет.
Тагыраак айта кетсек, өзгөрүүлөр кийинки пункттарга киргизилди:
3.8. Чалуу борборунун телефонунун номери 0312 960 888 жаңы 0312 960 360 номерине алмаштырылды.
3.9. ЭСКТны булутта сактоо кызматынын төлөмү эми ай сайын төлөнбөстөн, ЭСКТны колдонуп документке кол коюлган фактынын негизинде гана төлөнүү шартына алмаштырылды, б.а. ЭСКТны булутта сактоонун төлөмү, отчетко же онлайн буйрутмага ЭСКТ менен кол коюлган айда гана, эсептеп чыгарылат.
3.11. жана 3.12. жаңы пункттары кошулду. Аларда ЭСКТны, СОчИден тышкары, башка электрондук системаларда колдонуу үчүн «RuToken ЭЦП 64k» корголгон эс тутумун тандоонун зарылдыгы айтылган. Андан тышкары, мөөнөтү аяктай элек ЭСКТны булуттагы сактагычтан «RuToken ЭЦП 64k» эс тутумуна которуу үчүн ЭСКТнын баасын толугу менен төлөө шарты бар.
18.2.3. пунктуна булутта сакталган ЭСКТнын мөөнөтүн автоматтык түрдө узартуу үчүн онлайн буйрутма жөнөтүү тууралуу айтылган. Буйрутма ЭСКТнын мөөнөтү аяктаганга 3 (үч) жумуш күнүнөн кем эмес убакыт калганча жөнөтүлүшү керек.
Айкын оферта келишиминин калган шарттары өзгөрүүсүз калтырылды.
06.04.2017 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...