Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатып, көлөмүн көбөйтүү үчүн жана СОчИ платформасын мамлекеттик органдардын сервистерине ылайыкташтыруу максатында, «DOS TEK GROUP» компаниясы СОчИнин иштөө регламентинде, кызматтардын тарификациясында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө жана СОчИнин техникалык, программалык каражаттарын модернизациялоо тууралуу өзүнун кардарларына маалымдайт.
Кийинки мезгилдеги макроэкономикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу, өзгөчө АКШ долларынын курсунун кескин түрдө жогорулашы, СОчИнин жана Күбөлөндүрүүчү Борбордун программалык-аппараттык комплексинин ишине жана жаңылануусуна жумшалган каражаттардын өсүшүн эске алганда, биздин сервистерди сапаттуу жакшыртуу техникалык жана тарифтик саясаттын өзгөрүүлөрүсүз мүмкүн эмес.
Жаңы тарифтик саясат бир катар артыкчылыктарга ээ:
Жаңы тарифтер менен СОчИнин “Тарифтер” бөлүмүндө 2014-жылдын 5-декабрынан тааныша аласыздар.
Интернет аркылуу отчет берүү системасынын (СОчИ) жаңы программалык-аппараттык платформасы азыркы системадан берилиштерди иштеп чыгуунун жогорку ылдамдыгы менен (документтерди түзүү, архив менен иштөө, отчетторду өткөрүү), салык отчеттуулугунун автоматтык түрдө кабыл алынган формаларынын көбөйүшү, кошумча байланыш жана камсыздандыруу каналдарынын ырасталышы менен айырмаланат.
Системанын жаңылануусу менен төмөндөгү бир катар жаңы кызматтар жеткиликтүү болду:
СОчИ жаңы платформасынын ийгиликтүү иштөөсү жана жаңы сапаттуу кызматтарды көрсөтүүсү үчүн биз кошумча маалыматка муктажбыз. 2014-жылдын декабрь айынын ичинде биздин колл-центрдин операторлору маалыматты тактоо максатында кардарлар менен байланышат. Андыктан, «DOS TEK GROUP» компаниясы өзүнүн бардык кардарларына керектүү маалымат топтоого көмөк көрсөтүү суранычы менен кайрылат.
Жаңыланган система 2015-жылдын 1-январынан жеткиликтүү болот.
Урматтоо менен, «DOS TEK GROUP» компаниясынын түзүүчүлөрү, жетекчилиги жана эмгек жамааты.
01.12.2014 Жаңылыктар тизмесине
"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...