«DosTek group» компаниясы Күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген ЭСКТ (электрондук санариптик кол тамга) СОчИ системасында гана эмес, Кыргыз Республикасындагы электрондук документ алмашуу башка системаларында да колдонулушу мүмкүн экенин маалымдайт.
DosTek group Күбөлөндүрүүчү борбору тарабынан даярдалган ЭСКТ, КР колдонуудагы мыйзамдарынын талаптары боюнча бардык техникалык параметрлерге жана коопсуздук стандарттарына толугу менен жооп берет.
ЭСКТлары булуттагы корголгон сактагычта (Булут) жайгашкан кардарлар, аны СОчИ системасы аркылуу КР Мамлекеттик салык кызматы, КР Социалдык фонду жана КР Улуттук статистика комитетине электрондук отчет тапшыруу үчүн гана колдоно алышаарын эске алууну суранабыз.. ЭСКТ колдонууга мүмкүндүк берген системалары бар, башка мамлекеттик органдарга отчет тапшырууну пландаштырган кардарларга, ЭСКТ сактоо үчүн «RuToken ЭЦП 64k» (Рутокен) корголгон түзүлүшүн тандоо сунушталат.
Колдонуудагы ЭСКТны Булуттан Рутокенге которуу мүмкүнчүлүгү жок. Мындай учурларда, кайра катталуудан өтүп, которулуучу ЭСКТлардын толук баасын төлөп, ар бир ЭСКТга Рутокен алуу зарыл.
22.12.2016 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...