«DosTek group» компаниясы СОчИ системасынын бардык колдонуучуларынан, салык отчеттуулугунун формаларында болгон өзгөрүүлөргө көңүл буруусун суранат.
1. «Туруктуу уюштуруу менен байланышы жок, Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алган чет элдик уюмдун киреше салыгы боюнча отчетунун» (Form STI-106) жаңы формасы киргизилип, отчеттуулук формаларынын тизмесинде «Form STI-106_2016» деп белгиленди. Бул отчеттун эски формасы, жаңы форма киргизилген мезгилге чейин, тактоочу түрдө тапшыруу үчүн жеткиликтүү жана системада «Form STI-106» деп белгиленет.
2. СОчИ системасынын колдонуучуларынын суранычы боюнча жана КР Мамлекеттик салык кызматынын макулдугу менен “Кошумча нарк салыгы боюнча отчетунун” (Form STI-062 ЕАЭС 2016) формасына өзгөрүүлөр киргизилди.
Такгыраак айтканда, эгер 4-графага (Код поставки) «100, 101, 115, 122, 123, 200-225” коддору киргизилип, 5-графага (Наименование покупателя) “ККМ, БСО, ЭУО ж.б.” тандалып, ал эми 6-графага (ИНН покупателя) «99999999999999» жазылган учурларда – буга чейин 1-графадагы (Дата выписки) дата отчеттук мөөнөттүн акыркы күнүнө туура келиши керек болчу, ал эми азыр салык төлөөчү каалаган датасын коюу мүмкүнчүлүгү бар.
Ошондой эле, бул параметрлер үчүн «В случае с применением «ККМ, БСО, ЭУО и т.д.» дата поставки должна быть равна дате выписки» шарты алып салынган.
СОчИ системасынын колдонуучуларынан, шаблонду толтурууда өзгөчө көңүл коюууну суранабыз.
27.09.2016 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...