Публикациялар

Мамлекеттик, муниципалдык уюмдар жана мекемелер үчүн электрондук отчеттулук

pic

«DosTek group» компаниясы, Электрондук отчеттулук системасында баштапкы катталуудан өтүүнү пландаштырган мамлекеттик, муниципалдык уюмдар жана мекемелердин көңүлүн кардарларды каттоо тартибине бурат.

Уюм жана мекемелер баштапкы катталууну тез жана биздин кеңсеге кайра келүүсүз өтүү үчүн, төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

1. Айкын оферта келишими менен таанышуу – кийинки шилтемеде: http://dostek.kg/files/offer_2015.pdf

2. Катталуу үчүн документтерди даярдоо – тизме кийинки шилтемеде: http://dostek.kg/?page=docs

3. «DosTek group» компаниясынын кызматтарынын баалары менен таанышуу – тарифтер кийинки шилтемеде: http://dostek.kg/?page=tariffsdtg

4. Жогоруда көрсөтүлгөн тарифтерге ылайык, Сиздердин уюм/мекеме үчүн кызматтардын жылдык төлөмүн эсептөө:

  • Электрондук-санариптик кол тамга (ЭСКТ);
  • ЭСКТны сактоо каражаттары (Булут, РуТокен);
  • Тапшырылуу мөөнөттөрүнө жараша (айлык, кварталдык, жылдык), отчеттук формалар.

5. office@dostek.kg электрондук почтасына, Сиздердин уюм/мекеменин реквизиттери жана жылдык төлөмдүн суммасы көрсөтүлгөн, төлөө эсебин жөнөтүү жөнүндөгү сураныч каты.

6. «DosTek group» компаниясынын кеңсесине керектүү документтер менен мөөрдү алып келип, катталуу.

7. Кызматтардын төлөмүн 2 жол менен жүргүзсө болот:

  • Банктык которуу (төлөө коду 42151410) - «DosTek group» МЧКнун реквизиттерине шилтеме: http://dostek.kg/?page=requisites
  • Накталай компаниянын кассасына – кеңсенин жайгашуу картасына шилтеме: http://dostek.kg/?page=map

«DosTek group» кеңсесинин дареги: Бишкек ш., Коенкозов, көч., 8 (Боконбаев көчөсү менен кесилишүүдөн төмөн).

Кеңсенин иштөө графиги: Дүйшөмбү – Жума, саат 9.00дон 17.30га чейин, түшкү тыныгуусуз.

Сурап-билүү телефону: 0312 960 888.

22.06.2016 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...