«DosTek group» компаниясы маалымдайт: СОчИ системасынын колдонуучуларына ыңгайлуу шарт түзүу жана алардын берилмелеринин коопсуздугун камсыздоо максатында, Айкын оферта келишиминин бир катар беренесине өзгөртүу киргизилүүдө.
Өзгөрүлүучү беренелерге токтоло кетсек, СОчИ системасы Кыргыз Республикасынын аймагындагы колдонуучулар гана жеткиликтүу. Башка өлкөлөрдөгү колдонуучулар үчүн атайын шарттар каралган (3.5, 3.6 б.).
Кийинки өзгөрүу тактоочу мүнөздө болуп, компаниянын кызматтары үчүн төлөмдөр бир нече жол менен жүргүзүлөөрү тууралуу (5.2 б.).
Андан тышкары, электрондук-санариптик кол тамганын (ЭСКТ) колдонулуу мөөнөтү жөнүндөгү берене өзгөрүлөт: ЭСКТсын E-Cloud ЭЦП булуттагы түзүлүштө сактоочу Абонеттердин кайра катталуу процесси автоматтык пролонгация (узартуу) режимине өткөрүлөт, б.а. мөөнөтү аяктаган ЭСКТны кайра каттоо үчүн, «DosTek group» компаниясынын кеңсесине келбестен, дагы 1 календарлык жылга узартүү мүмкүн. Ал үчүн ЭСКТнын төлөмүн гана жүргүзүү зарыл (18.2, 18.3 б.).
Бардык жогоруда аталган өзгөрүүлөр 2016-жылдын 1-апрелинен күчүно кирет. Өзгөрүүлөр жөнүндөгү кененирээк маалымат кийинки шилтемеде: Айкын оферта келишиминдеги өзгөрүүлөр.
15.03.2016 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...