Публикациялар

2016-жылдын 5-8-мартында кеңсенин иштөө графиги

pic

«DosTek group компаниясы өзүнүн бардык кардарлары менен өнөктөштөрүнө майрам алдындагы жана майрамдык күндөрдөгү кеңсенин иштөө графиги жөнүндө маалымдайт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүусүнө ылайык, 5-март (ишемби) жумуш күнү болуп эсептелип, бул күнү кеңседе кардарлар жана чалуу-борбору аркылуу кайрылуулар саат 14.00гө чейин кабыл алынат. 6-, 7- жана 8-март (жекшемби, дүйшөмбү жана шейшемби) дем алыш күндөрү болуп эсептелет.

Жогоруда аталган майрам алдындагы жана майрамдык күндөрү, СОчИ системасы өзүнүн кадимки режиминде – күнү-түнү жана танаписсиз – иштейт. 5-март күнү саат 9.00дөн 10.30га чейин кыска техникалык танаписке байланыштуу гана СОчИ системасынын иши токтотулат.

«DosTek group» эмгек жамааты жалпы аялзатты келе жаткан Эл аралык аялдардын күнү – 8-март менен чын дилинен куттуктап, чың день-соолук, кесиптик ийгилик, үй-бүлөдөгү бакубаттыкты каалайт. Ушул жаркыраган жаз майрамынын жылуулугу Сиздердин жүрөгүңүздөрдү жыл бою жылытып турсун!

02.03.2016 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...

25.05.2026
27-май – компанияда дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтка байланыштуу, 27-май дем алыш күн болоорун маалымдайт. СОчИ системасы 24/7 тартибинде, дем алышсыз жана тыныгуусуз иштээрин эсиңиздерге салабыз. ...

23.04.2026
Майдын 1нен 10на чейин (кошумча) – дем алыш күндөр

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 10на чейин (кошумча) дем алыш күндөр. 11-майдан компаниянын бардык кең╛селери өзүнүн кадимки тартибинде иштөөнү улантат. СОч...