Публикациялар

Компанияга программдык камсыздоо боюнча адистер талап кылынат

pic

«DosTek group» компаниясы программдык камсыздоону иштеп чыгаруу жана коштоо тармагында  жогорку деңгээлдеги адистерди (программист-иштеп чыгуучу) ишке алат.

Кандидаттарга төмөнкү талаптар коюлат:

  1. Жогорку техникалык билим (Жогорку окуу жайы);
  2. Программдык иштеп чыгуу жаатында эки жылдан кем эмес тажрыйбага ээ же көрсөтүүгө даяр иштери бар;
  3. Мурдагы иштеген жерлеринен терс мүнөздөмөлөрдүн жоктугу;
  4. Техникалык документацияны түзүү жана коштоо, техникалык тапшырмаларды жана официалдуу каттарды жазууну билүү;
  5. Коммуникациялык ыкмалары өнүккөн, тайпада иштөөнү билген;
  6. Уюштуруу иштерин жүргүзүү ыкмаларына ээ болгон, аналитикалык жөндөмү жана критикалык ой жүгүртүүсү бар;
  7. Төмөнкү кесиптик билимдерге ээ:
  • Объекттик-багыттоочу программдык иштеп чыгууну (ООП) билүү;
  • Веб-иштетүү тармагынын жогорку деңгээлдеги тилдерде программдык иштеп чыгуу, тагыраак PHP + JavaScript / C# + JavaScript. C++ билүүсү бааланат;
  • Реляциондук берилме базаларын проектилөө жана иштетүү. Transact SQL билимине ээ болуу. СУБД PostgreSQL, MySQL менен иштөө тажрыйбасы бар. Берилме базаларын моделдештирүү каражаттары менен иштөө тажрыйбасы бар. Берилме моделдерин нормалдаштыруу негиздерин түшүнүү. SQL-таламдарын жазуу жана оптимизациялоо ыкмаларына ээ болуу.
  • HTTP, HTTPS, SOAP - системалык интеграция жана өз ара аракеттешүү протоколдорун,  башка протоколдорду жана Интернет тармагынын иштөө принциптерин түшүнүү;
  • XML жана JSON берилмелеринин форматтарын билүү;
  • W3C DOM, CSSке ылайык HTML калыптоосун жасоо, HTML5 жана CSS3 билимдерине ээ болуу бааланат;
  • Веб-дизайн негиздерин билүү жана колдонуучулук ыңгайлуу интерфейс түзүү;
  • Кесиптик техникалык адабиятты окууга керектүү англис тилин билүү.

Кошумча баалануучу талаптар:

+ Программдык иштеп чыгуу шаблондорун билүү, аларды түшүнүү жана колдонуу ыкмаларына ээ болуу;

+ Код / фреймворк каркастарын билүү жана жөнөкөй жагдайларда аларсыз иштөө ыкмаларына ээ болуу;

+ Масштабдык жана ишенимдүү код жазууну билүү;

+ Жогорку параллелдешүүсү бар көп тапшырмалуу жогорку дегээлде жүктөлгөн системаларда программдык иштетүүнүн нюанстарын түшүнүу;

+ Маалыматты коргоо каражаттар жана ыкмалар тармагында билими жана тажрыйбасы бар;

+ Криптография тармагында билими жана тажрыйбасы бар.

Биздин сунуштар:

  1. Ишке расмий орноштуруу;
  2. Актуалдуу жана перспективдүү долбоорлордун үстундө иштөө;
  3. Көп максаттуу жана кызыктуу программдык камсыздандырууну иштетүүнү камтыган жумуш;
  4. Жогорку квалификациялуу, өз ишин жакшы билген жана тажрыйбалуу адистердин тайпасында иштөө;
  5. Сыноо мөөнөтүн ийгиликтүү өтүүдөн кийин – татыктуу айлык майана.

Вакансияга кызыккандар hr@dostek.kg дарегине байланыш маалыматын камтыган резюмесин жөнөтүүсү зарыл.

02.03.2016 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...