“DosTek group” компаниясы СОчИ системасынын бардык колдонуучуларына кубаныч менен маалымдайт: КР Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн техникалык жумуштардардын жана жемиштүү иш-аракеттердин жыйынтыгында, 2016-жылдын 5-январынан салык отчеттуулугунун бардык формалары, КНС (НДС) боюнча отчет (FORM STI 062 ЕАЭС), сатуудан алынган салык боюнча отчет (FORM STI 129-131), киреше салыгы боюнча отчет (FORM STI 132-134) жана роялти боюнча отчет (FORM STI 135-137) формалары менен бирге, кайрадан ИСНАК системасы тарабынан автоматтык түрдө кабыл алына баштады, б.а. отчеттор салык төлөөчүнүн карточкасына автоматтык түрдө киргизилет.
Салык отчеттулугунун автоматтык түрдө кабыл алынышы бардык салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу болот, анткени райондук МСК башкармалыктарынын кураторлору тарабынан отчетту бирден текшерүүсүн күтүүнүн кереги жок. Эгер отчет катасыз түзүлүп, жөнөтүлүү шарттарына ылайык (2 ЭСККсу бар учурда 2 ЭСКК менен кол коюлуп, колдонуучунун балансында отчетту жөнөтүү үчүн керектүү сумма болуп) келсе, жөнөтүлгөн отчеттун статусун 15-20 мүнөттүн ичинде көрүүгө болот. Колдонуучулардын архивинде “Текшерүүнү күтүүдө” статусу болбойт.
Аткарылган жумуш отчеттордун сапаттуу, тез текшерилишине жана электрондук документ алмашуунун тунуктугун камсыздоо үчүн жасалган олуттуу салым болуп эсептелет.
Бардык формалар логикалык-арифметикалык текшерүү менен камсыздалып, КР МСКнын талаптарына ылайыкташтырылганына карабастан, СОчИ системасынын колдонуучуларынан отчеттордун туура толтурулушуна өзгөчө көңүл буруусун суранабыз.
06.01.2016 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...