Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 20.11.2015-ж. 12-4/5107 номурун менен «DosTek group» компаниясына жиберген расмий катына ылайык, 2016-жылдын 1-январынан КР Социалдык фондунун электрондук отчеттулук Системасына түшкөн отчеттордун баары эки ЭСКК менен кол коюлуп (жетекчиинин колу жана башкы бухгалтердин колу) жибериши керектигин маалымдайбыз
КР Социалдык фондунун бул талабы КР СФ электрондук отчеттулук Системасы ишке киришкендигине байланыштуу жана КР “Мамлекеттик социалдык камсыздоо жөнүндө” Мыйзамы, “Мамлекеттик социалдык камсыздоо боюнча эсептөө жана төлөм жүргүзүү боюнча колдонмосунун” негизинде ишке ашырылат.
КР СФ расмий катынан үзүндү: “Иштеп жаткан ишканалардын бардык отчетторунда аталган ЭСККнун бирөөсүнүн жоктугу, КР Социалдык фондунуну кураторлору тарабынан каралбастан, эскертүүсүз жана тийиштүү санкцияларды колдонуу менен четке кагылат. Бул кат аркылуу 2016-жылдын 1-январына чейин “Дос Тэк групп” компаниясынын ишмердүулүгү аталган нормативдик-укуктук актыларга ылайык жүргүзүлүүсү жөнүндө расмий түрдө маалымдайбыз”.
Бул жагдай “DosTek group” компаниясы менен кардардын ортосундагы карым-катташты жөнгө салуучу Айкын оферта келишиминин 7-бөлүмүнө ылайык келет, б.а. КР Социалдык фондунун талабы жеңилгис күч катары саналып, “DosTek group” компаниясынын каалоосуна көз карандысыз.
“DosTek group” компаниясына, кардардын бухгалтери жоктугу жөнүндөгү кат, ушундай эле мазмундагы Соцфондго жазылган каттын ал мекеме тарабынан отчеттулукту 1 ЭСКК менен тапшырууга уруксат берген визасы бар көчүрмөсү берилгенден кийин гана, кабыл алынат.
Бардык кардарлардан бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.
КР Социалдык фондунун катына шилтеме.
11.12.2015 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...