Публикациялар

DosTek group өнөктөшүк тармагы ачылды

pic

«DosTek group» компаниясы жаңы, уникалдуу, дайыма иштөөчү ӨНӨКТӨШТҮК ТАРМАК программасынын башталышы жөнүндө жарыялайт. Тармакка каалаган адам кошулуп, жаңы кардарды алдын-ала каттоо үчун, акчалай эмгек акысын ала алат. Программа “Досуңду кош” акциясынын негизинде түзүлүп, жаңы, кызыктүү шарттар жана мүмкүнчүлүктөр менен толукталган.

Бул эмне үчүн керек?

Эгер Сиздин досторуңуз, тааныштарыңыз же туугандарыңыздын өз бизнеси (компания же жеке ишкер) болуп, бирок алар СОчИге (Интернет аркылуу Отчет берүү Системасы) кошула элек болсо, Сиз аларга биздин система аркылуу отчет жөнөтүүнүн артыкчылыктары жөнүндө айтып берсеңиз болот. Мүмкүн, отчеттулук жөнүндө сөз болгондо, Сиз ансыз деле айтып жүрөсүз, эми ал эмгегиңиз үчүн биздин компаниядан акчалай акы алсаңыз жакшы эмеспи?

Биздин Өнөктөштүк тармакка кантип кошулса болот?

Бизге өнөктөш болуу өтө жеңил – бир нече жөнөкөй кадамдарды жасоо гана керек:

  1. Өнөктөштүк тармагына «Присоединиться» баскычы аркылуу катталуу;
  2. Жөнөкөй катталуу анкетасынын бардык саптарын толтуруу (туура эмес маалыматты жазуу менен эмгек акыңызды алууда өзүңүзгө кыйынчылык түзөсүз);
  3. Катталууңузду, анкетада көрсөткөн электрондук почтаңызга келген каттагы шилтеме аркылуу өтүү менен, далилдөө;
  4. Администратор тарабынан катталууңуз далилденгенден кийин, жеке кабинетиңизге кирип, анын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу.

Жогоруда аталган кадамдарды өткөндөн кийин, биздин Өнөктөштүк тармагынын толук укуктуу мүчөсү болосуз жана биздин болочок кардарларыбызды алдын-ала каттоо жүргүзө берсеңиз болот.

Тармак кантип иштейт?

Катталууга биздин кеңсеге келе турган же он-лайн каттодон өтүүгө (катталууга өтүүчү шилтеме) даяр компания же жеке ишкер жөнүндө бизге маалымдоо үчүн, жеке кабинетиңиздеги «Добавить компанию» бөлүгүнө кирип, анын негизги реквизиттерин жазууңуз керек. Ал компания же жеке ишкер СОчИ системасына кошулган соң, Сиз эмгек акыңызды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз – 1 кардарды каттодон тапкан эмгек акыңыз, кардар колдонуучу кызматтарга жараша, болжолу менен 200 сомдон 600 сомго чейин болот.

Өзүңүз көргөндөй – эч кыйынчылыгы жок!

Эмгек акыңызды биздин компаниянын кассасынан накталай, банктын которуу менен алсаңыз болот. Эгер биздин кардар болсоңуз, каалооңуз менен, СОчИ системасындагы балансыңызга да которуп беребиз. Ошондой эле, эмгек акыңызды Өнөктөштүк тармактын системасында топтой берсеңиз да болот, аны каалаган күнү ала аласыз.

Эмгек акыларды ыйгаруу ар бир айдын 25нен 30на чейин жүргүзүлөт. Сиз каттаган компания, кардар катары катталуудан өттүбү, кайсы кызматтарды тандап алды жана Сизге ыйгарылган суммалар жөнүндө Өнөктөштүк тармактын «Мои компании» бөлүгүнөн көрсөңүз болот.

Финансалык бөлүм менен байланышууну жөнөкөйлөтүү үчүн, ошол эле жеке кабинетиңизде кат жүзүндө кайрылып, жооп алуу бөлүгү каралган.

Өнөктөштүк тармакка катталуу жөнүндөгү колдонмо менен кийинки шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот: Өнөктөштүк тармактын жаңы мүчөлөрү үчүн колдонмо.

Эскертүү: Өнөтөштүк тармагынын чегинде жаңы компанияларды гана кошууга болот. Кайра каттодон өтүүчу компаниялар программага катыша албайт.

10.12.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...

25.05.2026
27-май – компанияда дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтка байланыштуу, 27-май дем алыш күн болоорун маалымдайт. СОчИ системасы 24/7 тартибинде, дем алышсыз жана тыныгуусуз иштээрин эсиңиздерге салабыз. ...

23.04.2026
Майдын 1нен 10на чейин (кошумча) – дем алыш күндөр

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 10на чейин (кошумча) дем алыш күндөр. 11-майдан компаниянын бардык кең╛селери өзүнүн кадимки тартибинде иштөөнү улантат. СОч...