«DosTek group» компаниясы 2015-жылдын төлөмүн 10% жеңилдетүү шарты менен төлөгөн, бирок системада жеңилдетүү каралбай калган кардарларга кайрылат.
Убадаланган 10% жеңилдетүү болбогондугу жөнүндө кайрылган кардарлардын кайрылуусунун көбөйүшүнө байланыштуу, андан тышкары жеңилдетүүнүн мөөнөтүнүн (2015-ж., декабрь айы) аяктоосу жакындагандыктан, бул категориядагы кардарлардан үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына чейин финансалык бөлүмдүн finance@dostek.kg электрондук дарегине кат жөнөтүүнү суранабыз. Катта компаниянын ИННин жазып, жылдык төлөмдүн эсепбинин жана төлөм жүргүзүлгөндүгүн далилдеген документтердин көчүрмөлөрүн кошуп жөнөтүү керек. Кат менен кайрылган кардарлардын төлөмдөрүн кайра эсептелип, СОчИ системасындагы балансына жеңилдетүүнүн суммасы которулат.
2015-жылдын февралынан баштап биздин компания сайттагы жана СОчИ системасындагы жаңылыктар бөлүмү аркылуу жылдык акцияга катышкан кардарларга бир нече ирет кат жөнөтүү суранычы менен кайрылган.
Төмөндө ал кайрылуларга шилмелелер келтирилген:
http://dostek.kg/?page=newsdetails&id=71
http://dostek.kg/?page=newsdetails&id=77
http://dostek.kg/?page=newsdetails&id=112
http://dostek.kg/?page=newsdetails&id=123
тилекке каршы, акциянын бардык катышуучулары кат жүзүндө кайрылган эмес. Айкын оферта келишиминин шартына ылайык, www.dostek.kg сайтындагы жаңылыктар менен 1 айда кеминде 2 жолу таанышып туруу ар бир кардардын милдеттеринин бири болуп эсептелет.
Бардык кардарлардан биздин компания менен кардардын ортосундагы карым-катташты жөнгө келтирүүчу Айкын оферта келишиминин шарттарын сактоону суранабыз.
12.11.2015 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...