Публикациялар

Отчеттулукту нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшыргандар үчүн акция

pic

«DosTek group» компаниясы отчеттулукту мамлекеттик органдарга нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырган жаңы кардарлар үчүн акциянын башталышы жөнүндө жарыялайт.

Нөлдүк отчетторду тапшыруучу компаниялар, жеке ишкерлер жана коммерциялык эмес уюмдар 2015-жылдын 5-ноябрынан 25-декабрына чейин «DosTek group» компаниясына кардар болуп, сунуштарлаг 2 тарифтик пакеттин 1ине кошулуу менен 2 артыкчылыкка ээ болот.

1-артыкчылык: ОТЧЕТТОРУҢУЗ ЖӨНҮНДӨ БИР ЖЫЛ БОЮ ОЙЛОНБОСОНУЗ БОЛОТ!

Бир жыл бою Сиздин компанияңыздын бардык отчеттору СОчИ системасынан автоматтык түрдө жөнөтүлөт (система отчетторду өз алдынча түзүп, аныкталган күндөрү тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтөт).

2-артыкчылык: БИР КЫЙЛА АЗ ТӨЛӨҢҮЗ!

Тарифтик пакеттин төлөмүнүн суммасы бекитилген тарифтер боюнча төлөнгөн айлык чыгымдардын суммасынан бир топ төмөн.

Тарифтик пакеттер жөнүндө кыскача маалымат:

  1. «Нөлдүк 300» тарифтик пакети:
  • Айлык төлөмү – 300 сом (бардык салыктар менен);
  • Тарифтик пакетке 9 отчеттук форма жана ЭСККну булутта сактоо кызматы кирет.
  1. «Нөлдүк 500» тарифтик пакети:
  • Айлык төлөмү – 300 сом (бардык салыктар менен);
  • Тарифтик пакетке 10 отчеттук форма жана ЭСККну булутта сактоо кызматы кирет;
  • Пакеттин негизги өзгөчөлүгү – КНС боюнча формасы бар. Пакет, КНС төлөөчү катары катталып, бирок КНС боюнча нөлдүк отчетторду тапшыруучу компаниялар үчүн иштелип чыккан.

Тарифтик пакеттер жөнүндө кененирээк маалыматты кийинки шилтеме аркылуу окусаңыздар болот: «Нөлдүк 300» жана «Нөлдүк 500» тарифтик пакеттери.

«Нөлдүк 300» жана «Нөлдүк 500» тарифтик пакеттер, 2015-жылдын 5-ноябрынан 25-декабрына чейин катталган, жаңы кардарларга гана жеткиликтүү.

Тарифтик пакеттер 2016-жылдын 1-январынан иштеп баштайт.

10.12.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...