Публикациялар

Сатуудан алынган салык, киреше салыгы, роялти боюнча жаңы формалар

pic

«DosTek group» компаниясы өзүнүн бардык кардарларына үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан СОчИ системасында ири салык төлөөчүлөр үчүн төмөндөгү жаңы айлык салык отчеттуулугунун формаларынын пайда болушун маалымдайт:

- Субъекттин сатуудан алынган салыгы боюнча отчету (кичи жана орто ишкерликтин субъекттеринен тышкары) - FORM STI-131;

- Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчет (кичи, орто ишкерликтин субъекттери жана коммерциялык эмес уюмдардар тышкары) - FORM STI-134;

- Роялти боюнча отчет (кичи жана орто ишкерликтин субъекттеринен тышкары) - FORM STI-137.

Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрынан СОчИ системасында төмөндөгү жаңы кварталдык салык отчеттулугунун формалары пайда болот:

  • Кичи ишкерликтин субъектинин сатуудан алынган салыгы боюнча отчету - FORM STI-129;
  • Орто ишкерликтин субъектинин сатуудан алынган салыгы боюнча отчету - FORM STI-130;
  • Кичи ишкерлик субъектинин жана коммерциялык эмес уюмдардын салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчет - FORM STI-132;
  • Орто ишкерлик субъектинин салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчет - FORM STI-133;
  • Кичи ишкерлик субъектинин роялти боюнча отчету (FORM STI-135);
  • Орто ишкерлик субъектинин роялти боюнча отчету (FORM STI-136);

Жогоруда аталган жаңы формалардын баары КР Мамлекеттик салык кызматынын талаптарына ылайык иштелип чыгып, мурунку колдонулган - сатуудан алынган салык боюнча отчет (FORM STI-075), киреше салыгы боюнча отчет (FORM STI-080) жана роялти боюнча отчет (FORM STI-105) – формаларын толугу менен алмаштырат. Мурунку отчеттук формалар СОчИ системасында калат, бирок аларды тактоо түрүндө гана тапшыруу мүмкүн болот.

02.11.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...