Баалардын күндөн-күнгө өсүшүнө жана компания колдонуучу программалык-аппараттык комплекстердин тейлөөсүнө керектелүүчү жабдыктардын кымбатташына байланыштуу, «DosTek group» компаниясы өзүнүн кардарларына 2015-жылдын 1-декабрынан отчеттук формалардын кээ бирлеринин жана ЭСККну булуттагы сактоо кызматынын тарифтерине өзгөртүү киргизилээрин маалымдайт.
Белгилеп кетүүчү нерсе, кызматтардын баалары ар кандай индексацияда жогорулайт, бирок инфляциянын деңгээлинен чыкпайт, б.а. тарифтер 10%дан жогору көтөрүлбөйт. Тейлөө каражаттарын көбүрөөк талап кылган жылдык отчеттордун формаларынын кээ бирлеринин баалары гана орточо эсептен көбүрөөк жогорулайт. Кээ бир отчеттук формалар менен сервистердин баалары өзгөрүүсүз калат.
2015-жылдын 1-декабрынан күчүнө кирүүчү тарифтер менен кийинки шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот: Компаниянын кызматтарынын өзгөрүлгөн тарифтери.
Кардарларыбыздын көбүнүн жөнөкөй эмес финансалык-экономикалык абалын эске алып, алардын чыгымдарын оптимизациялоо жана компаниянын кызматтарына жумшалуучу каражаттарды бир деңгээлде кармоо максатында, атайын лоялдык программасы жана VIP-пакеттер иштелип чыккан.
Лоялдык программасына катышуучу кардарлар 1 жылдын ичинде компаниянын бардык кызматтарына 5%дан 25%га чейинки жеңилдиктерди ала алышат. Программага катышуу үчүн СОчИ системасындагы жеке балансты бир жолу толуктоо гана керек. Толукталган суммага жараша жеңилдетүүнүн көлөмү да жогору болот. Баланстагы сумманы кардарлар өз каалоосу менен компаниянын каалаган кызматтарын төлөөгө жумшай алышат. Жеңилдетүүлөрдү алуу үчүн кардардын балансы 2015-жылдын ноябрынын 1нен 30на чейин толукталышы зарыл. Программа боюнча алынган жеңилдетүүлөр 2016-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.Лоялдык программасына катышуу шарттары жөнүндө кененирээк маалымат менен кийинки шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот: Лоялдык программасы.
Тактоочу жана кошумча отчетторду көп жөнөтүүчү ишканалар, уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн, атайын VIP-пакеттер иштелип чыккан. VIP-пакеттердин сунушталган төрт түрүнүн бирин тандоо менен тактоочу жана кошумча отчетторду СОчИ системасы аркылуу 1 жыл бою акысыз жөнөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. VIP-пакеттерди сатып алуу 2015-жылдын 1-декабрынан башталат, ал эми 2016-жылдын 1-январынан кызмат күчүнө кирет. Кызматтын шарттары менен кийинки шилтемеден кененирээк таанышса болот: VIP-пакеттер.
Лоялдык программасына катышкан же VIP-пакеттерди сатып алган кардарлар компаниянын кызматтарына жумшалуучу чыгымдарын бир кыйла төмөндөтө алааарын белгилейбиз.
«DosTek group» компаниясынын Администрациясы, бардык кардарларына колдоо көрсөтүүсү жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын билдирет жана тарифтердин жогорулашы сыяктуу аргасыз жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
29.10.2015 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...
Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...
Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...