Публикациялар

FORM STI -123 жана DOC STI –136 формаларын МСКна тапшыруу керек

pic

«DosTek group» компаниясы Кыйыр салыктар боюнча отчет (FORM STI -123) жана Товарларларды киргизүү жана кыйыр салыктардын төлөнүшү жөнүндөгү арызды (DOC STI - 136) СОчИ системасы аркылуу тапшырган кардарларга, бүгүнкү күндө, компания КР Мамлекеттик салык кызматы (МСК) менен аталган отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча бир келишимге келе албагандыгын маалымдайт.

КР МСКнын талабы боюнча жогоруда аталган отчеттор кагаз түрүндө гана катталган МСК башкармалыктарына тапшырылышы керек. «DosTek group» өз тарабынан аталган отчеттордун төлөмүн кардарлардын балансына кайтарып берүүгө милдеттенет. СОчИ системасы аркылуу бул отчетторду тапшырган кардарлар аларды системадан басып чыгарып, катталган МСК башкармалыктарына өз алдынча жеткирүүсү зарыл. FORM STI -123 отчету кийинки документтер менен тапшырылат:

  1. Товарларларды киргизүү жана кыйыр салыктардын төлөнүшү жөнүндөгү арыз (DOC STI – 136);
  2. Төлөнгөн салыктардын квитанциясы;
  3. Чек араны өтүүдөгү талон (авиа, ж/д, авто);
  4. Коштоочу документтер (товардык-транспорттук ж.б.);
  5. Келишимдер.

Биздин компания КР МСК менен бул отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат. Бул жагдай боюнча өзгөрүүлөр жөнүндө биздин компаниянын www.dostek.kg сайтынан окусаңыздар болот.

21.10.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
28.08.2026
Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштады

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Бишкекте, Орто-Сай базарында жаңы филиал иштеп баштаганын кабарлайт. Жаңы филиалда электрондук кол тамганы жаңы алууга жана мөөнөтүн узартууга болот. Дареги жана иш тартиби: Орто-Сай базары Бишкек, Суе...

26.08.2026
Жакынкы жумада компаниянын иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы келээрки жумада өзүнүн иш тартиби жөнүндө маалымдайт: Жакынкы күндөрү өлкөбүздө маанилуу бир катар иш чаралар: Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйыны жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр ...

23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...